Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Ошто «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык конференция өтүү

Ошто «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык конференция өтүү

30-сентябрында  КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Ош шаарынын мусулмандар казыятынын уюштуруусу менен «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык конференция болуп өтүү.

Аталган иш чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, КРнын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, диний уюмдарынын өкүлдөрү, диний уюмдарынын жетекчилери менен окутуучулары, диний аалымдар катышышты.

Конференцияда ислам дининин тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы, радикализмге, экстремизмге жана терроризмге каршы түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруудагы орду жана ролу, мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин биргеликте иш алып баруусу, жалпы органдар менен диний бирикмелердин биргеликте иш алып баруусу, жалпы руханий жана маданий баалуулуктар, ар кандай ишенимдерди жана көз караштарды урматтоо, адамды сүйүү, толеранттуулук принциптери талкууланды.

Конференциянын катышуучулары ислам дини дүйнөлүк дин катары көптөгөн элдердин маданиятынын орчундуу бир бөлүгүнө айланганын, анын жалпы руханий жана маданий баалуулуктарды таратууда башка диндер менен тыгыз байланыштары бар экендиги, Ислам мээримдүүлүк жана боорукердикти, гумандуулук жана тең укуктуулукту, элдерди ынтымакка жана биримдикке чакырууну туу тутарын, диний жана маданий баалуулуктарды барктабоо инсандын жана коомдун руханий жактан жакырдануусуна, акыр аягы радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө алып келишине шарт түзөрүн белгилешти.

Конференциянын катышуучулары эл аралык деңгээлде биргеликте иш алып баруу, тажрыйба алмашуу баардык жарандардын кызыкчылыктарын, ар бир элдин каада-салт, үрп-адаттарын сактоого, маданиятты жана салттуу баалуулуктарды өнүктүрүүгө, тынчтыкты камсыз кылууга чоң таасир тийгизээрин эске алуу менен Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын жана Кыргызстандын диний бирикмелеринин ортосундагы коңшулук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да бекемдөө керектиги боюнча бир пикирде экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары иш чаранын катышуучулары дин боюнча тайкы түшүнүктөрдү, диндин атын жамынган экстремизмди жоюу жана ушул сыяктуу башка маселелерди бир гана сүйлөшүү, пикир алышуу, чыныгы диний баалуулуктарды жайылтуу жана тыгыз кызматташуу аркылуу гана чечүүгө болорун баса белгилешти.

Андан ары конференциянын катышуучулары бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан террордук көрүнүштөрдү айыпташты, ушундай көрүнүштөр жана фактылар коомчулук арасында жана социалдык тармактарда исламды жек көрүүнү, улуттук касташууну жана диний чыдамсыздыкты пайда кылып жаткандыгын белгилешти жана мамлекеттик түзүмдөрдү мындай көрүнүштөргө жол бербөөгө жана көзөмөлгө алууга чакырышты.

Конференциянын катышуучулары коомдо активдүү социалдык позицияны карманган, баардык жарандарга тынчтыкты, достукту, улуттук, диндер жана маданияттар аралык диалогду сактоо зарыл экендиги тууралуу кайрылышты.

Жогоруда коюлган маселелерди чечүү боюнча мындан ары сүйлөшүүлөрдү жандандыруу, чогуу иш алып баруу үчүн эл аралык иш чаранын катышуучулары төмөнкү пикирлерди белгилешти жана зарыл иш чараларды сунушташты:

маанилүү маселелерди талкуулоо, аларды чечүүгө багытталган эффективдүү жолдорду издөө, тынчтыкты жана биримдикти орнотуудагы кызматташтыкты күчөтүү багытында уюштурулган бул эл аралык илимий-практикалык конференция актуалдуу жана маанилүү деп эсептелсин;

коомчулукту, өзгөчө жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, диний негиздеги басынтууга жана радикалдашууга каршы туруу боюнча кызматташтыкты жүргүзүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу;

экстремизмдин жана терроризмдин адамды жек көрүүчүлүк идеяларына каршы туруу үчүн эффективдүү ыкмаларды издеп табууну улантуу, коомдо ЖМКларда жана Интернеттин социалдык желелеринде толерантуулук идеяларын алга жылдыруу;

улуттар жана конфессиялар аралык сый-урматты орнотууга, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоого, диний негиздеги басынтууларга жана радикалдашууга каршы туруу боюнча кызматташтыкты жүргүзүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу;

экстремизмдин жана терроризмдин адамды жек көрүүчүлүк идеяларына каршы туруу үчүн эффективдүү ыкмаларды издеп табууну улантуу, коомдо, ЖМКларда жана Интернеттин социалдык желелеринде толерантуулук идеяларын алга жылдыруу;

улуттар жана конфециялар аралык сый-урматты орнотууга, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоого, коомчулукта радикалдык идеялардын таралуусунун алдын алууга багытталган иш чараларды өткөрүүнү улантуу;

экстремисттик жана террористтик идеяларга коомчулуктун, айрыкча жаштардын, аларды кабыл албоо боюнча туруктуу көз карашын түзүү жолу менен каршы туруу жана аракеттенүү;

этномаданиятты жана диний көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик, конфессиялык жана коомдук институттардын чогуу аракеттенүүсүн өнүктүрүү;

дүйнөбий мамлекеттин принциптерин, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону бекемдөө;

ушул конференциянын катышуучуларынын биргеликте аткарган жумушунун эффективдүүлүгү белгиленсин, уюштуруучуларга жана баардык катышуучуларга тынчтыкты жана биримдикти сактоодогу жана бекемдөөдөгү кызматы үчүн ыраазычылык билдирилсин.

 

 

Теги:
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс