Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Теолог Маметбек Мырзабаев

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Теолог Маметбек Мырзабаев

Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев Би-Би-Сиге Афганистанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын диний ишенимине сереп салып берди.

Би-Би-Си: “Талибан” исламдын кайсы агымын жактайт? Ээрчийт?

Маметбек Мырзабаев: Исламда эки агым бар: биринчиси — бул укуктук мектептер. Анда төрт мазхаб бар: ханафи, шафии, малики жана ханбали деген. Борбор Азия, түрк дүйнөсүнө кирген өлкөлөр ханафи мазхабын карманабыз. “Талибан” да ханафи мазхабында деп айтылат.

Бирок булардын бир өзгөчөлүгү бар, аны унутпаш керек. Исламда идеологиялык жактан да мазхабдар болот. Ал эки түрдүү: ашарилер жана матуриди акыйдасын кармангандар. “Талибан” ошол акыйда жагынан, идеологиялык жактан ваххабилер менен жакындашып кеткен, деобанд мектебинен чыккан бир топ болуп эсептелет.

Укуктук мазхабдык жагынан талибдер биз менен бир, алар да ханафилер. Бирок алар бизге окшоп матуриди эмес, анын өзгөргөн вариантын карманган топ. Алар араб дүйнөсүндөгү ваххабилер менен Пакистан, Бангладеш аймактарындагы ханафи, матуриди мазхабын кармангандардын аралашып кетүүсүнөн чыккан гибрид. “Талибандын” түпкүрүндө деобанд агымындагылар, биз ошол жерден айырмаланабыз.

Кабул көчөлөрүндөгү талибдер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабул көчөлөрүндөгү талибдер

Би-Би-Си: “Талибан” Афганистанда шариатка негизделген өлкө курабыз деп атат. Ошондо кандай тыюулар же чектөөлөр орун алат эми бул өлкөдө?

Мырзабаев: Исламий топтордун шариатты түшүнүүсү, чечмелөөсү ар башка. Мисалы, ошол эле Борбор Азияда шариатты башкача чечмелешет, “Талибан” да аны өзүнө жараша чечмелейт. Талибдер ханафи мазхабы менен ваххаби идеологиясынын ширендисинен пайда болгон көз карашка ээ деп айтпадыкпы. Булар негизинен, эски, өткөн кылымдагы ошол чөлкөмдөрдө кабыл алынган фатваларга таянып, чечим кабыл алышат. Көбүнчө сакал маселесинде, аялдардын коомдук жайларда иштөөсүнө болгон мамилесинде бул нерсе даана көрүнөт. Сакал коюуну парз дешип, “ансыз мусулман болбойт” деген көз карашты карманышат.

“Талибан” 1996-2000-жылдары Афганистанды бийлеп турган кезде өлкөнү кандай көрөрүн көрсөтүшкөн. Эми азыр алар кандай кылат, белгисиз. Бирок эки-үч күн мурда шариат сотторун орнотобуз дешти. Исламий эрежелерге ылайык мамлекетти башкарабыз деп жатат. Эски эле фатваларды колдонушат го, эми убакыт көрсөтөт алар дагы кандай эрежелер киргизет.

Кабулдагы талибдер

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабулдагы талибдер

Би-Би-Си: Талибдерди артында Пакистан турат дешет. Соңку жылдары Кыргызстандан ал жакка барып диний билим алып келгендер көбөйдү. Бизде талибдерди тымызын колдогон диний топтор барбы Кыргызстанда?

Мырзабаев: Ошол деобанд аймагындагы миңден ашык медреселерден сабак алып келген кыргызстандыктар көп. “Талибан” менталитетине ээ топтор жана жарандар бизде жок деп айтууга мүмкүн эмес. Соңку кезде Кыргызстанда туура эмес дин саясаты жүргүзүлүп, 15-20 жылда ошол “Талибандын” менталитетине ээ радикал топтордун бизде тамыр салганы белгилүү. Биз Кыргызстанда талибандашуу кетип жатат деп эскерткенбиз. Алардыкына окшош көз караштагы адамдар көбөйүп жатат деп да айтып келебиз. Ушундай шартта кооптонгонго толук негиз бар.

Деобанд медреселерин бүтүп келген көптөгөн жаштарыбыз бар, кээ бирлери молдо болуп, сабак берип да атышат. Кыскасы, ойлоно турган нерсе көп.