Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тарта кымбаттайт

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тарта кымбаттайт

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сентябрдагы сессиясында коомдук транспортко жол кире акысын көтөрүү боюнча мэриянын токтом долбоорун жактырды.

Токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, 1-ноябрдан тарта автобус жана троллейбустар үчүн жол кире 8 сомдон 11 сомго көбөйөт.

Ал эми маршруткаларга 10 сомдон 15 сомго жогорулайт.

Мэриянын токтомуна Шаардык кеңештин депутаттарынын 33 макул, экөө каршы добуш берди, бирөө добуш берген жок.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сентябрда борбордогу коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулады. Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышты.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс