Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / «ОПГ» дегендер ордун билсе

«ОПГ» дегендер ордун билсе

Омкеев Торугарттан токтотуп мууздап салабы?

«ОПГ» дегендер ордун билсе жакшы болот эле, бирок булар антпейт окшойт. Айтайын дегеним, биз айдоочулар кара тер төгүп, маңдай акыбыз менен оокат кылып келебиз. Бирок Омкеев Нурлан деген бандит баш болгон ОПГлар оокатыбызды талашып жатышат. Буларды бир кой деп кое турган кожо жок болуп жатат. Милисага кайрылсак деле ал жактан деле майнап чыкпайт окшойт деп калдык. Анткени Омкеев «бийликти колго алып койгом, силер мага ким болуп калыпсынар» дегендей таризде тайрандап баштады. Анда сөз башынан болсун.

Биз, Торугарт аркылуу Кытайдан товар ташып соода кылган ишкерлердин жүгүн ташып оокат кылабыз. Ковид пандемия чыккандан бери, Торугарт улам жабылып, мурдагыдай иш жок. Эми эптеп иштеп жатсак, Омкеевдин башкесер балдары келип, опузага алып, коркутуп-үркүтө баштады. Эми мындан ары торугартка биз кожоюн болобуз, баардык иш биздин көзөмөлдө болот деп Торугарттан жүк ташууга жол бербей турган болуп жатышат. Иштеш үчүн Омкеевдин талкачтарына акча бериш керек экен, бербесең жүк жок, демек иш жок.

Бизде мыйзам иштейби же ушуга окшогон башкесерлер башкарып калды беле? Угушума караганда Омкеев мурда олтуруп чыккан экен. Демек мунун орду ошол жакта. Бирок бул шайлоодо бийликтин партиясынын камчысын чаап берип, ошонун арты менен тайрандайт тура. Болбосо таможняга кайдан жүрүп кожоюн болуп калмак эле. Угушумча Омкеев Атамбаевдин доорунда Эркин Мамбеталиев менен, Сооронбай Жээнбековдун маалында Райм Миллион менен мамиле күтүп, талкачтары менен Торугарттан контрабанда ташып байыптыр. Ал байлыгын пандемияда көрдүк, эл алдында губернатор Эмил Алымкуловго дары-дармек берип, арам жол менен тапкан акчасын адалдап алайын деди окшойт.

Уккан кулакта айып жок дейт, эгер эл оозундагы кепти айта турган болсом, азыркы губернатор Ашымбаевти деле колго алып коюшкан окшойт. Миконя, Даша, Ынтош, чорт Алтыш деген талкачтары ооз чоюп айтып жаткандарына караганда келаткан шайлоодо бийликтин партиясын женишке жеткирип беребиз, ошол учун Торугартка талкач болуп жатабыз дептир. Мен буга ишене албайм. Бирок иш жүзүндө Омкеевдин талкачтары тайрандап баштаганы жөн жерден эмес. Ачык айтып чыгайын дейбиз, бирок Торугарттын белинен токтотуп мууздап салабы деп коркобуз. Булар андан кайра тартпайт.

Ошондуктан сураныч, сайтынарга чыгарып берсенер, эл окуп билсе тигилер ойлонуп калаар, же ОПгларды ордуна кое турган бироо жарым чыгаар

Ps: келген кат кайрылууларды өзгөртүүсүз берип жатам, экинчи тарапка да сөз беребиз, талкачтар менен талашым жок.

Компромат Нарын

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс