• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Бүгүн бир жетекчинин кызматчы энелерге кесиптик кийим кийгизген сүрөтү абдан талкуу болду

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2021

…Сүрөт чынында өтө жагымсыз. Шуба кийгизип, чепкен жапкансыган пиарың курусун дедик…

А бирок турмуш чындыгын алдагы сүрөт ачып койду!
Биз энелердин, эжелердин, аялдарыбыздын моюнуна минип алган өлкө болгонубуз качан. Эми кыздарыбызга жүгүбүздү артып койгондойбуз…
Дегеним тээ союз тараганда коммерция деп КаМаз менен поездде чаар сумкелерин жонуна арттырып аялдарды жолго салдык.
Эркеги үйдө арак ичкенинен айласы түгөнгөн аял эки шеренке, беш штук тамеки сатып, камок ачып бала-бакырасын бага баштады.
Самопал ичимдикке алдырып, алты карта ойноп отуруп бердик биз.
Бу аялзатынын мугалим менен врач болгону жетпеди бизге.
Базаргабы? Аял чыкты!
Чачтарачта? Аял кыркат!
Кыштактагы жолдошу тыйын үчүн тикмечи кылып аялын автобуска салып борборго жиберсе, борбордогусу аялын базары чоң өлкөлөргө байыганы узатып турду.
Аял тапкан акча! Аялы баккан үйбүлө! Көнүмүш болду…
Бир курдай Стамбулдан бир түрк ушуларды айтты. Билем дегенсидим. Эмне дейин башка!?
Эрлери аялдарын жөнөткөн заман өтүп, эми энебиз менен кыздарыбызды жөнөтө баштадык.
Көп көрдүм чет жерде.
Өзү элүүдөгү эне, жетимиштеги түрк карысын карап отурганын. Ден-соолугу менен ишибиз жок эптеп сом салса болду…
Кызыл өңү бозоруп, жаштайынан муң баскан кыздарыбыз жүрөт.
Арабың аябайт!
Түркүңө түнү кызык!
Орусуңдун оозун, Корейиңдин кабагын карайт!
А жок бизге баарыбир! Кыздарыбыздын кыйналганы, арзуусу, арман-муңу менен ишибиз жок, акча таап турса, кредитти жаап турса болду бизге. Андан артканына тойго барабыз биз!
…айта берсең аягы жок. А биз аялзатына турмуш камытын илип койгонубузду унуттукпу? Унуттук өңдөнөт.
Энелер эшик шыпырат!
Биз форма кийгизебиз. Курсак байлайбыз. Сакал сылайбыз… Сүйлөгөнүбүз саясат менен шарият…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс