• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Акундун капчыгы жоголгондо

Автор:ruh_admin

Сен 27, 2021
(Коргоолдун обону менен)
Турсунбек АКУН ФБга минтип кайрылыптыр…»Бүгүн 27-сентябрь күнү Раззаков/Чүй көчөсүнүн кесилишиндеги «Шоро» саткан үкөкөккө кошолегумду( партмане) калтырып коюптурмун.
Саат 13:00 эле.
Анын ичинде анча-мынча акча бар эле, ал маанилүү эмес.
Ичинде: пасспорт,банктык карточка, чиптер бар болчу.
Таап кайтарып бергендерге сүйүнчүсү бар, тапкан адамдын да аты анонимдүү болуп, эч кандай органдарга кайрылбайбыз.
Болгону аталган документтер табылып калса эле болот эле.
Бөлүшүп койосуздарбы?
Алдын ала рахмат.
Бай тел: 0777 275 434,
0312 900 567″…деп…Кой табылып калгысы бардыр деп ЖАР ЧАКЫРЫП турганым.
Колундагы капчыгын,
Койчу жерге койбоптур.
Баягы Акун кантебиз,
Шоро ичем деп шорлоптур.
Жөн жүрбөгөн эргулуң,
“Аз куйдуң”,- деп шорону,
А балким кетти урушуп.
Кандай болду ким билсин,
Карайлап турат түгөтүң,
Капчыгын кетип унутуп.
Паспортун кошо жоготуп,
Акунмун десе тааныбай,
Ишсиз калган турбайбы.
Ар жакка басып кетет деп,
Аялы салган жаңы эле,
Чипсиз калган турбайбы.
Карточкасы табылбай,
Акчасыз калган турбайбы.
Элдин баары карашкан.
Эң эле сонун жарашкан,
Папкасыз калган турбайбы.
Алабарман ак көңүл,
Ачык жүргөн жан эле.
Аялынан жашырып,
Аябай катып жүрүүчү,
Ал кошелек ичинде,
Арбын акча бар эле.
Көрүп-билип калганың,
Кокустан таап алганың
Элүү миң болсо ичинде,
Эч чочубай ала бер.
Акча жокпу Акунга,
Ашып калса мага бер.
200 эле сом болсо,
Айткан сөзгө көнгүлө,
Автобуска түшпөйбү,
Аа, кокуй
Анысын кайрып бергиле.
Так что, таап алган жан болсо,
Тартынбастан баргыла.
Сүйүнтөм деп жатпайбы,
Сүйүнчүсүн алгыла!
Бирок,
Таап алып бербей кылтыйып,
Таза уялбай былтыйып,
Билмексен болуп койсоңор,
Тилинде мөөрү бар эле,
Дубалап ийип жүрбөсүн.
Баягы, Акий менен Бакийдей.
Айдап чыгып өлкөдөн,
Кубалап ийип жүрбөсүн.
Жан коючу немеби,
Жакадан бөөдө албасын.
Омбудсменди мындай кой,
ООНго чейин барбасын!
Кашелогуң табылат,
Кайгырба Туке оңосун.
Жар чакырдым какылдап,
Мага,
Бир жашик пиво коёсуң.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс