• Пн. Июн 27th, 2022

Популярные метки

Жайлоого жакын көрүнүш эмес, шайлоого жакын көрүнүш…

Автор:ruh_admin

Сен 25, 2021

(Жаныбарларга саясий анализ)

Көпчүлүктүн купулуна толом деп,
Көйгөй болсо суугуна тоңом деп.
Менменсинип жаныбарлар жүрүшөт,
Мен токойдун “депутаты” болом деп.
Тээ нарыда алты-жети чөө жүрөт,
Тегеренип бирин-экин төө жүрөт.
Топту жарып шакылдаса сагызган,
Бир тоту куш чала туурайт дөөдүрөп.
Анда-санда учуп коёт кекилик,
Мына сага, маймыл чыкты секирип..
Көзүн сүзүп шыйпаңдаса бир күчүк,
Картаң бука карап койду жекирип.
Мышык мында ойлонууда бир топко,
Коён чуркайт бирде элге бир сотко.
Мага эмне, курсак тойсо болду деп,
Мадырайып карап турат бир чочко..
Аныгында алдуулары күрөшөт,
Билбейм, булар дагы канча тирешет.
Амал керек, акыл керек, чамда деп,
Бир кочкорго күлүп койду бир эшек.
Илгеркидей чайнап ийер күчү жок.
Бөрү жүрөт, карый түшкөн, тиши жок.
Мен силерди ойготтум дейт бир короз,
Катуу уктатып кеткен менен иши жок..
Түлкү карайт жыттуу жерди каз жаткан,
Аюу келди, мен жеңем деп кармаштан.
Меникиндей мээңер жок эй дегенсип,
Кайгысы жок, бака чардайт саз жактан…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс