• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

КУМТӨРДӨГҮ АВАНТЮРА ЖАНА СОКУРЛУК

Автор:ruh_admin

Сен 25, 2021

Маалыматсыздыктанбы, сүйлөшүп алгандыктанбы же жөн эле билбегендиктенби так айтыш кыйын. Кандай болгондо да бийликке келгенден кийин Садыр Жапаров позициясын толук өзгөртүп, “Кумтөрдө алтын калбады. Аны алуунун кереги жок”,- деп парламентте, башка жерлерде кайра-кайра айтып калды.

Көпчүлүктүн ындыны өчтү. Ар кандай жоромолдорго өттү.
Айланасына Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк дегендер пайда болгону Садыр Жапаров Кумтөр боюнча позициясын кайрадан кескин өзгөрттү.
Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилди. Канадалыктар кууп чыгарылды.
Бөлтүрүк Кумтөрдү башкарып калды. Акылбек Жапаров финансы-экономика министри катары Кумтөрдүн ишин көзөмөлдөп калды.
Бул экөө Садыр Жапаровду кантип ишендиришти? Эйфорияда адыраңдашып, иштетип кетебиз дешкенби же буларда башынан эле эмне болсо болсун, көзөмөлсүз калган Кумтөрдө каалаганыбызды жасайбыз деген жең ичинен сүйлөшүп алуу болгонбу?
Кумтөрдөгү азыркы катастрофалык абалга, Кумтөр эле эмес жалпы эле өлкөнүн алтын өндүрүшүнө, алтын аффинаждоо, эл аралык базарда (Лондондо) алтын сатуу колу-бут тушалган абалга кептелгенин карап мына ушудай ойго, жыйынтыкка келүүгө аргасыз болосуң.
Үчөө Кумтөрдө эмне болуп жатканы тууралуу калкка, парламентке маалымат бербей жатышат.
Акылбек Жапаров калктын башын айлантып, зергерчиликти өнүктүрүп, Кумтөрдүн алтынын ошол жакта иштетебиз дегендей кезектеги “жомогун” айтып чыкты.
Кыргызстанда зергерчилик анчалык өнүккөн эмес. Кумтөрдүн алтынын алар зер буюмдарга айлантууга чарк-чамасы абдан эле чакталуу. Зергерчиликти өнүктүрүү, ага шарт, инфраструктура түзүү, зергерлерди даярдоо, бренд жасоо оңой-олтоң иш эмес. Ал Акылбек Жапаровдун “оозу менен орок оргонундай” эле болуп калбайт.
Кумтөрдүн алтынын Улуттук банк сатып алат деген да авантюра жана алысты көрө албагандык болгон. Анткени Улуттук банктын чамасы чакталуу. Ал Кумтөрдөн жыл сайын миллиард долларга алтын сатып алалбайт. Ага кудурети жок.
Россиянын Улуттук банкы тынымсыз алтын сатып алат. Анткени Россияга тынымсыз валюта агып кирип турат. Мунай, газ, темир ж.б. товарларын сатуудан түшкөн валютага Россия алтын сатып алып, анын корун аябай көбөйтүп жатат.
Россиядагыдай экспорттук товар Кыргызстанда жок. Валюта эч жактан кирбейт. Эң көп экспорттук товар ошол эле Кумтөрдүн “Центерра” саткан алтыны болчу.
Мына ушундай опурталдуулуктарды эске албай, Кумтөрдө афера өңдөнгөн авантюра жасаган Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк Кумтөрдөгү чыныгы абал боюнча калкка, парламентке маалымат бериш керек…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс