Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Тажикстандын күч органдары Баткенден эки окуучуну уурдап кетти

Тажикстандын күч органдары Баткенден эки окуучуну уурдап кетти

 Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери өз аймагына алып кирип кетти.

Окуя кечээ түнү болгон. Бул маалыматты Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов тастыктады.

Анын айтымында, балдар такталбаган аймакта автоунаага жүк жүктөп жаткан учурда, “чек араны буздуңар”,-деген мааниде кармап кетишкен.

Окуядан кийин кармалган балдардын ата-энелери нааразычылык айтып чыгышты. Кармалган балдар 11-класттын окуучулары болушкан.

Бул окуяга чейин тактап айтканда, кечээ, 23-сентябрда да, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Окуя Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.

Ала алынган маалыматтар боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп коюшкан. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Мусурманбек Турсуматовдун айтымында, алардын абалдары жакшы.

“Окуядан болгондон кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашууга келди. Ошол урган балдарды тажик тарап өздөрү жоопко тарта турган болушту. Ал эми таяк жеген 4 бала учурда ооруканада”,-деди Турсуматов.

Чек ара аймагында абал тынч

Ал эми Тажикстандын ЖМКсы Чорку жамаатынын Сомониён айылынын тургундары Кыргызстандын Көк-Таш айылында жашагандар мектептен келаткан тажик балдарды таш менен урушканын айтып беришкенин жазышууда. Алардын маалыматтарына караганда, тажикстандык эки бала жана бир чоң киши жергиликтүү ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. Мындан тышкары дагы 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс