• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

КУТ КОНООР БЕКЕН?

Автор:ruh_admin

Сен 24, 2021

Чедиреңдешип, эдиреңдешип,

Чапкылап, добуш “мага” бер дешип.
Шайлоого шашып, акчасын чачып,
“Шайтандар” чыкты эл-жерди кезип.
Курганын айтпайт, кылганын айтпайт,
Арамдан байлык жыйганын айтпайт.
“Кыйратам” дешет, “жыргатам” дешет,
Өз камын ойлоп турганын айтпайт.
Чандайган курсак, казандай өпкө,
Чанжырак сөздөр, азандан-кечке.
Алданбайт дагы, арданбайт дагы,
Чалынган тилдер, уят жок бетте.
Мас болгон ата, сатылган бата,
Уурдалган добуш, чагылган маза.
Үйүлгөн көйгөй, жансактап өлбөй
Үшүгөн бөбөк, үшкүргөн апа.
Түйшөлгөн жандар, тентиген карып,
Тиленген балдар алакан жайып,
Түнөргөн бүлө, текебер күйөө
Тепселген намыс, телмирген зайып.
Кыйнаган жашоо, кыйылган өмүр
Кор болгон тагдыр, куураган не бир.
Билимсиз дөдөй, депутат сөрөй,
Жашоону гана ойлогон жеңил.
Онтотуп элин, тепсетип жерин,
Омкоргон белин, табалбай эбин.
Мертинип турган, айласы курган,
Мекеним – Кыргызстаным менин!
Карууңа кайра күч толоор бекен,
Калкыма баатыр туш болоор бекен,
Жегичтен коруп, жемиштүү болуп,
Жыргатып элди, кут коноор бекен?
24.09.2021-ж.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс