• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

Караңгы комментарийлер тууралуу…

Автор:ruh_admin

Сен 23, 2021

(бир агынан жарылайын эми)😎

Кээде терең ойго чөмүлүп отуруп калган учурда «Уста Кудай, адамдарды мээси бышып жетилген соң сүйлөй турган кылып жаратпаган экен да, каап…» деген ой келет. Кудайдын ишинен кемчилик издөөгө болбойт»,- деп калчу эле апалар, кичинекей кезибизде. Бирок учурдагы коомдун кебетесинен улам, жарымы тамашалуу кылып айткан бул шакабамды даанышман Кудайдын толук туура түшүнөөрүнө шегим жок!
Соцтармакта эң көп ур-тепкиге калган киши – агартууга багытталган жазууларды калемге алган киши! Анткени агартууга багытталган тексттер, коомдогу көнүмүшкө айланган көрүнүштүн сыртында, андан да жогорку маанилерди камтыйт эмеспи. А коомдук аң-сезим жаңы нерсеге дайыма каршы чыгат, ага көнүп кетүү оңойго турбайт.
Бир шиңгил
Азаттыкка жазылган макалалардын түбүнө мурда аты-жөнү жазылбастан эле коммент ура бергенге мүмкүн болчу. Ошол кездерден унута албаган комменттер бар. Мисалга, ар-бир өз акылы менен «туура жолду» таап жашаса болорун, мунун Куран аяттарындагы негиздерин тема кылып бир бүтүн макала жазган элем. Бирок түбүндөгү коменттердин көпчүлүгү «Эй сен кимсиң? Ким болуп калдың? Көп башты айлантпай Чубак ажыдан сура, болду бүттү…» деген маңыздагы комменттер эле…
«Каронавирус Алланын аскери эмес»,- деп бир макала жазган элем. Бир ажыкебиздин балп этип алган жери бар эле. Түзөтүп коёюн деп жазгам кыскасы. Бул макала ажыкени жактыргандарга катуу тийген окшойт эле, макаланын маңызы тууралуу кеп жок дээрлик. А бирок «Сен неге ажыкеге асыласың, уругуңан аалым чыкпай каргышка каласың, аалымдарыбыздан тилиңди тарт…» деген салмагы нөл коменттер басып кеткен. Менин эң эсимде калган коммент, айылдашым Эркин (Камчиев) акенин «Сен айылда ыйлап эле жүргөн бала элең, эми эле чоң серепчисиң го…» деп жазганы болду. Мен түшүнбөйм ошондо серепчи боло тургандар ыйлабай чоңоюш керекпи? Негизи эле азыркы сиздер пир туткан ажыкелер ыйлабай чоңойгонбу? Мен билгенден ажыкелердин кээ бирлери азыр деле мечитте ыйлап жүрбөйбү, бул жагы кандай болот? Же сиз «…бала кезиңде ыйлабай, чоңойгондо мечитке барып жамаатка демогогия кылып ыйласаң татыктуу экспер болмоксуң!» дегиңиз келди беле? Анан да аз-маз ыйлап койсо боло береби же такыр ыйлабай чоңоюш керекпи? Сиз жана сизге окшоп ойлонгондор болочок серепчилердин канча өлчөмдө ыйлап чоңойгонун өлчөп каттоого алып турасыздарбы?
Аты жок окурмандарым
Азыр Азаттыкта фейсбуктагы профиль аркылуу кирип коммент жаза турган кылып койду. Кыскасы учурда ким коммент жазганы көрүнүп турат… Мурда орто эсеп менен бир макалама 100гө таталаган коммент келсе, орточо эмес эң көп келгенде 2-3 коммент келип жатат.
Өз учурунда «Мусулман», «айылдык кыргыз», «жөнөкөй мусулман» деген атын ачык айтканга жарабаган коментаторлор азыр жок. «Сенин илимиң жок, жөн отур, акыретте азапка каласың»,- деп менин бул дүйнөдөгү абалымдан тартып акыретиме чейин кийлигишип турган, мени жерип турганды тубаса укук көргөн адамдар эле. «Торпоктун чуркаганы саманканага чейин эле»,- дегендей, атыңды ачык айтып жаз десе эле жоголуп кете турганчалык экенсиңер го. Өзүңөр ойлонуп көрдүңөрбү ушуну? Бетибизди ачып, айтчу оюбузду ачык айта албаган кандай адам болдук, анын кайсыл кебетебиз менен кимдерден сөз талашып жатабыз?» деп.. Андыктан атыңды жаз десе шымын булгап ала жаздаган абалда болгон соң, дубалдын ары жагынан арстан болуштун, жалпы коомдун аң-сезимине таасирин тийгизген темаларда ойлонбой өкүм бериштин кереги жок! Силерге жарашпаганын, бул озуйпа силерге оорураак экендигин билип жүргүлө! «Аты жоктуктун» да чеги болот…
Достойный ой-пикирлер
Эмне үчүн ой-пикир дедим? Анткени жогоруда сөз кылынгандар ой-пикир боло албайт, алар болгону бир канча сөздүн маани билдирбеген тизмеги гана. Шарттуу түрдө «коммент» деп жатам.
Бир пикирди туура түшүнүп, туура анализдеп, туура тыянакка баруу өтө кыйын нерсе экенин түшүнүп олтурам. Дегеним, каап-катта окумуштуу чалыш көргөн адамдарымдан деле постторумдун түбүнө түшүнүксүз коммент келген учурлар болуп турат. Бирок мындай кишилер менен талкуу кылып кайра түшүндүрсө болот…
Ал эми окубай туруп коммент жазгандарды да байкап жүрөм. Окуп туруп тескери таркандары да издетпейт. Анан бир бүтүмгө келдим. Эгер комменттерде кандайдыр бир суроо же сунуштар камтылса, убакыт, нерв коротуп жооп жазганга татый турган коменттер болсо жооп жазам.
Сын-пикирге да ачыкмын. Бирок бизде сын-пикир жазуунун деле логикасы, адеби болуш керек да. «Сен жазба, элди бузба, аалымдардын айтканынан чыкпа, бир жериңди кыс…» деп аалымдан тартып менин замогумдун аркасына чейин асылган коменттерге кулак салгым келбейт да албетте. Анан буга каршы ой билдирген учурумда «Сын-пикирге жабык экенсиң!» деген жазуулар келет. Мындай «сын-пикирден» кур калсам кур калгандырмын, болушунча башты оорутпайм деп чечтим…
ФБда ой-пикир жазгандан тартынбаңыздар. Билбеген, сураган, түшүнгүсү келген, альтернативдүү көз-караш билдирген, этикасы менен сындаган пайдалуу. Мен буларды четке какпадым. Түшүнгүсү келбей, атайын тетири тарткан, түшүнгөн болуп көрүнгүсү керген, мага башка жактан бир деме болуп «абида» кармап калган комменттерди айттым. Алар деле тыйылып калбайт, келсе келе берсин, бирок жооп бергим келбейт аларга.
Өткөндө кээ бир окурмандардан «Неге менин суроомо жооп бербей жатасын?» деген «деловой» комменттерди көрүп таң калып койдум. Мен кудум эле алардын суроосуна жооп бергенге мажбур болгонсуп. Эми суроолуу сүйлөм деле оболу бир эпке келген маанини камтыш керек да. Сөздөрдү тантырап тизмектеп туруп эле аягына суроо белгисин коюп койсо эле суроо боло береби эй?..
Не дейбиз эми
Бул постум башкачараак сезилишин билем. Муну текеберлик, бой көтөргөндүк катары сыпаттагандар да чыгаар. Ишенесизби, такыр кыжалат эмесмин! Бардык эле айтылганды дыкатка ала бербегенди үйрөндүм, Кудайга шүгүр. Кимдин алдында кичипейил, ал эми кимдердин алдында катуурак сүйлөш керек экендигин билем… Караңгы адамдын жанында кичипейил болуп, этияттап, жумшак сүйлөгөн адамды туура эмес түшүнүшөт. «Коркуп калды, туура эмес экенин сезип калды, аалымга тил узатайын деп барып токтоп калды, биз токтотуп калдык»,- деп… Андыктан бул жазуум, түшүнүгү терең адамдар тарабынан менин илимий абийириме төп келген позиция катары, ал эми түшүнүгү тайкы адамдарга «текеберлик» катары сезилиши мүмкүн… Кайталап айтам – такыр кыжалат эмесмин!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс