• Вт. Июн 28th, 2022

Популярные метки

2021-жылдын эң таасирдүү жүз кишиси аныкталды. Алар кимдер?

Автор:ruh_admin

Сен 23, 2021

Америкалык Time журналы 2021-жылга карата дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу ria.ru агенттиги жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, журнал 100 таасирдүү адамды «Титандар», «Новаторлор», «Маданият ишмерлери», «Лидерлер», «Ойлоп табуучулар» жана «Кумирлер» деп атайын категорияларга бөлгөн.

Бул жылы лидерлердин катарына Дүйнөлүк соода уюмунун башчысы Нгози Оконжо-Ивеала, Ирандын президенти Ибрагим Раиси, Италиянын жана Израилдин премьер-министрлери Марио Драги жана Нафтали Беннетт, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башчысы Рошел Валенски, Сальвадордун президенти Найиб Букеле жана Ооганстандын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар киришти.

Ал эми бул категориядагы таасирдүү адамдар делип, Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Жо Байден, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, АКШнын вице-президенти Камала Харрис эки жылдан бери катары менен тизмеге кирген.

Time журналы «Титан» категориясына Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту, көркөм гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону, америкалык Симон Байлзты, эң атактуу америкалык спортчу Эллисон Феликс өңдүү жана башка атактууларды кошту.

«Новаторлор» тизмесине ырчы Билли Айлиш, Джордж Флойддун үй-бүлөсүнүн адвокаты Бен Крамп, Эл аралык энергетикалык агенттиктин (ЭЭА) башчысы Фатих Бирол менен кениялык активист, Голдман сыйлыгынын лауреаты Филлис Омидо жана башкалар киришти.

«Маданият ишмерлеринин» арасында, Омар Си, Скарлетт Йоханссон, Кейт Уинслет сыяктуу актерлор болсо, «Эң мыкты режиссёр» номинациясын азият улутундагы Оскар сыйлыгын биринчи алган аял Хлое Чжаого ыйгарылды.

«Кумирлердин» тизмесинде – британиялык ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл, теннисчи Наоми Осака, ырчы Бритни Спирс жана башкалар бар. Ушул эле категорияга америкалык журнал орус улутунан бир гана – Алексей Навальныйды киргизишкен.

Ал эми “Ойлоп табуучулар” категориясына SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск, Nvidia компаниясынын башкы директору Джен-Хсун Хуанг, General Motors компаниясынын башкы директору Мэри Барра жана башкалар кирет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс