Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Өзбекстан АИ-98 үлгүсүндөгү бензин өндүрө баштады

Өзбекстан АИ-98 үлгүсүндөгү бензин өндүрө баштады

Өзбекстанда АИ-98 үлгүсүндөгү жогорку сапаттагы бензин өндүрүлө баштады. Бул тууралуу «Өзбекнефтегаз» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Спутник Өзбекстан” сайты жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, аталган бензин маркасы ушул жылы тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн Бухарадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо өндүрүлөт.

«Бухара нефтини кайра иштетүүчү заводу АИ-98 жогорку сапаттагы бензинди өндүрүү ишин баштады»,-деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин “Автомобиль бензиндери тууралуу техникалык шарттар» стандартынын талаптарына ылайык, бул өндүрүш үчүн O`zDSt 3031:2015 деген сериялык сертификаты алынган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу 2022-жылы 50 миң тоннага жетери болдолдонууда.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын январь-апрель айларында Өзбекстанда 368,6 миң тонна бензин өндүрүлгөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирген.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс