• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

А. Мадумаров Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Автор:ruh_admin

Сен 22, 2021
УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!
Сиздерди “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мындан отуз эки жыл мурда, тактап айтканда, 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Мыйзамы элибиздин эгемендүү өлкөдө жашоого жасаган чечкиндүү кадамдарынын бири болуп эсептелет. Бул мыйзамды толуктап, кабыл алууда жана күчүнө кийирүүдө Абсамат Масалиев башында турган республикабыздын ал кездеги саясий, мамлекеттик ишмерлери эрктүүлүгү менен көрөгөчтүгүн көрсөтүшкөнү белгилүү.
Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамыбыз бүгүн деле өз маанисин жоготкон жок. Бирок, кайдыгерликтин, энөөлүктүн кесепетинен биз анын көп улуттуу калкыбыздын башын бириктирип, ынтымагын ширетүүдөгү мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жүрөбүз.
Маселен, интернет ааламында эне тилибиздеги маалымат булактар ойдогудай көбөйбөй жатат, иш кагаздардын дарамети келегей бойдон калууда, бөбөктөр менен балдарга арналган анимациялык тасмаларды тартуу чындап колго алына элек. Көпчүлүк замандаштарыбыз кыргыз тилиндеги окуу китептерин даярдап, басып чыгаруудагы алешемдиктерди дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн которуп, окурмандарга жеткирүүдөгү кашаңдыкты, жармачтыкты сынга алышат. Мамлекеттик тилдин чечилбеген маселелерине ат үстүнөн мамиле кылган, анын өсүп-өнүгүшүнөн акча аяган чоңдорубуз бар. Эне тилибизге күйгөн, ага ак кызмат өтөгөн далай азаматтарыбыздын опол тоодой эмгеги татыктуу бааланбай келе жатканы жашыруун эмес.
Кыргыз тили — кыргыз журтунун, Кыргызстандын кыр аркасы, келечегибиздин уюткусу. Өз тилибизсиз улутубузду да, өлкөбүздү да элестетүү мүмкүн эмес!
Бар бололу, аман-эсен бололу ардактуу агайын-туугандар, санаалаштар! Ыйык тилибиздин майрамы кут болсун!
Адахан Мадумаров
“Бүтүн Кыргызстан”
саясий партиясынын
төрагасы.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс