• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

ШАМУРЗА БОРУКУЛОВтун маданият тармагында иштегендерге кайрылуусу

Автор:ruh_admin

Сен 21, 2021

Маданият адамдары! Маданият тармагыңардын акыбалына, маданият министриңердин денгээлине бир көңүл бөлүп койбой, коррупция менен камалган Темир Сариевди чыгарып бер деп өзүңөргө таптакыр тиешеси жок жерге тумшугуңарды тыгып жүрөсүңөр.

Ырчыңар, бийчи-чоорчуңар, куудулдар, койчу аты чыккандын баары саясатка аралашып, бийлик кызматтарына, парламентке жулунуп калдыңар. Баарынан да Темир Сариевдин маданият тармагына кандай тиешеси бар,
силер Темир Сариевдин арыгын таптаза кылып чаап, кыздын баласындай жылтыратып көрсөтүп жатсаңар, анда эле Кум Төрдөгү афераларды ким жасаган? Биз-карапайым адамдарбы? ТЭЦти, музейди тирилип келип какшатып Пушкин уурдадыбы?
Аябай эле күйөрман болсоңор, 2010-жылы Отунбаева, Атамбаев, Текебаевдин кесепетинен түштүктө өлгөн миңдеген жарандардын арбактары үчүн болсо да, Ош коогалаңын иликтегиле деп талап кылып чыгып койсоңор болбойбу? Ошол согушта дал эле силердей кыргыздын балдары курман болушкан, чужой адамдар эмес.
Эң жакшысы:маданият адамдары саясатка аралашпай Кыргызстандын маданиятын көтөргүлө. Өлкөбүз миң чирип калган бай болсо да, маданияты жок эл менен өнүгө албайбыз дейт Шамурза Борукулов.
Шамурза туура айтат, мамлекеттин экономикасын тойго барып тамада болуп башкарып, суйлоп, анекдот айтып, бийликтегилерди сындап, аларды какшыктап, туурап, ырдап, тамтандап бийлеп, которо албайсын. Силерге каалоом, колунардан музыкалык аспаптар, микрофон тушпосун, кыргыз маданиятын гулдотуп, онуктуруп журо бергиле. Баарынар кыргыз маданиятына эмгек синирген кызматкер деген наам алгыла. А бирок силерден сураныч ыпылас саясатка аралашпагыла. Элдин суйуктуу артисттери болгула. Депутат же министр болсонор элге жек коруносунор, жылдап топтогон авторитетинер бир заматта тогулот, ошол чимкирик парламенттин катарын толуктап каласынар, артист деген наамга чимкирик деген приставка жармашат. Силерге ошол керекпи ? Мамлекеттин экономикасын силер онуктуро албайсынар, силер эмес, силерден кыйын суйлогон саясатчылар да элдин жашоо турмушун ондой албайт. Мына отуз жылдан бери кимдер депутат болбоду, кимдер гана бийликке келбеди. Премьер министрлер болсо чокой алмаштырылгандай алмаштырылды, орустар айткандай а воз и ныне там. Отуз жылдан бери кыргыз мамлекети чет мамлекеттерден алынган карыздан башы чыккан жок.
Ким кутултат сырткы карыздан ?
Мен жеке озум Садыр Жапаровту, Камчыбек Ташиевти колдойм, бирок мына биз колдогон адамдарыбыз эскинин туткунунан бошоно албай, дагы эле мурдагы экс президенттердин багыты менен баратканы аябай эле ОKYHДYPOT.
Мына биздин баш мыйзамыбызда (Конституцияда) народовластие деген термин бар, бул термин баш мыйзамда эле бар, болгону ошол, ал эми практикада бул НАРОДОВЛАСТИЕ деген жок. Эл бийликти эмес, бийлик элди башкарып жатат. Бийликти козомолдогон эч ким жок. Эл бийликти козомолдой албайт.
Эси бар адам болсо тушунот эле, УЖЕ ДАВНО ПОРА, бийликти элге беруу керек. Кантип ? Эл кантип башкарат ? Бул механизмди иштеп чыгуу керек, ким иштеп чыгат ? Бизнесмендерби же артисттерби? Же суйлогондон, сындагандан башканы билбеген чала сабат депутаттарбы ? Элге бийликти беруу деген соз бул ПРЕЗИДЕНТТИН бийлигинен болок бийликти элге откоруп беруу дегенди тушундурот.
Эл жергиликтуу маанидеги маселелерди, жер, суу, кен байлыктар, бюджет, укук коргоо, билим беруу, саламаттыкты сактоо, коргонуу маселелерин толугу менен озу чечиши керек. Элдин проблемаларын элдин озунон болок эч ким чече албайт.
Мына отуз жылдан бери чала сабат депутаттар оздоруно керектуу мыйзамдарды жаздырып алышты. Депутаттар эч кимге баш ийишпейт, эч кимге отчёт беришпейт.
Мына ушундай жогорку кенештин депутаттары бизге керекпи ? Жок, кереги жок.
Системаны толугу менен реконструкциялоо керек. Атап айтканда райондук, областтык администрацияларды жоюп, мулкун, имараттарын АРМИЯнын кереги учун пайдалануу зарыл. Аскерлердин санын 500 минге кобойтуп, аскердик кызматты 5 жылга узартыш керек. Бул беш жыл моонот ичинде аскерге чакырылган УЛАН аскердик курал жарактын баардык турунон атууга, согуштук техниканын турлорун башкарууга уйронушу зарыл.
Менимче менин сунушум реалдуу, болгону аткаруу гана керек. Ошондо онугуу жолуна түшөбүз.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс