• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

СҮЙҮНБАЙ БӨРҮБАЕВ акебизди жоктоо

Автор:ruh_admin

Сен 21, 2021
Күзгү жамгыр төгөт тынбай, тыйылбай,
Жүрөктү эзген муңдуу комуз кылындай.
Аруулукту таппай арып, акыры,
Акыретке кеттиңби, аке Сүйүнбай?
Дүйнө чачык, туш тарабы жыйылбай,
Өлүм эмес, тирүү жүрмөк кыйындай.
Улуулукту жоктоп, улуу убайда
Узак жолго чыктыңбы, аке Сүйүнбай?
Жан дүйнөнүн кыйкырыгы угулбай,
Адам көңлү арзан болуп буюмдай.
Мээлегендин мерчемине жетпейле,
Мейличи деп кеттиңби, аке Сүйүнбай?
Бир ордунда тура албаган куюндай,
Элди кезип, жерди кезип кышын-жай.
Апенди элең кылымда бир жаралчу,
Аруу бойдон кеттиңби, аке Сүйүнбай?
Алай десе аруу таңдай сүйүүң ай,
Алай болду ар бир чыккан Күнүң, Ай.
Ак иш кылып, баалана элек кезиңде,
А мейли деп кеттиңби, аке Сүйүнбай?
Эл арасы болду сенин үйүңдөй,
Оору, түйшүк басса, жүрүп бүгүлбөй.
Акыры анан кеттиңби ушул өмүрдөн
Аз кубанып, көп жашаган сүйүнбөй?
Күзгү жамгыр төгөт түгөт тыйылбай,
Жүрөктү эзген муңдуу киши ыйындай.
Адамдарга сүйүүң, сыйың калтырып,
Акыретке кеттиңби, аке Сүйүнбай?
Нурланбек Кайрыев
17.09.2020
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс