Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Досье / Баткенде өлгөндөрдүн убалы Рахмон менен ошол сары тумшукка барып тиет

Баткенде өлгөндөрдүн убалы Рахмон менен ошол сары тумшукка барып тиет

Садыр Жапаров Душанбеде болуп өткөн жолугушууда, Путиндин оозун тиктеп ашыкча сөз айта албаган башка президенттерден айырмаланып, тайманбастан: талибедер жана чек ара маселеси боюнча акыйкатты айтып салды. Эгер так айта турган болсок, президентибиз ЖККУ уюму көргөзмө катары эле бар экенин, а на самом деле оор учурларда эч нерсеге жарабаган шал уюм экенин айтып, чыныгы бетин ачып койду.

Президентибиздин бул докладын Москвада топтолушкан орустун ушакчы серепчилери ар кимиси өзүнүн денгээлине жараша сындап жатып калышты. Кээ бирлери: ар бир мамлекеттин коопсуздук маселеси ал өздөрүнүн иши. Москва алардын коопсуздугун коргоп беребиз деп милдет алган эмес дешип, өздөрүнүн чыныгы уятсыз жүздөрүн көрсөтүштү. Суроо туулат: Орусиянын коопсуздугу тууралуу сөз болгондо, өлкөсүнө террористер кирип кетпесин дешип Орто Азияны өздөрүнө чеп кылып алышат: биздин жерде, биз менен бирге ар кандай аскердик машыгууларды өткөрүшүп.
Андан тышкары, өздөрүнүн коопсуздугуна келгенде, Кыргызстанга жылына 60миллион доллар төлөп жаткан Американын базасын чыгаргыла деп бизге ультиматум коюшат. А түгүл ошол убакта өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоп, сырттан карыз албайын, 60миллион доллар акчаны ар кандай иштерге жумшайлы деп, американын базасын убактынча чыгарбай койгон Бакиевдин башына кандай күндөрдү салышпады, ошол сырттан башкарган кожоюндарыбыз. 2010-жылдын элдин башына түшкөн апаат күндөрдү «ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт» болушуп ошолор баштаган. Окемдер УӨттүн шакалдарын жумшады. Ал эми УӨттүн куу тумшук шакалдары Кадыржан Батыров баш болгон өзбек сепаратистерин алакүш салышты. Ортодо түштүктө миңдеген бейкүнө адамдар өлүп кетишти.
Өздөрүнүн коопсуздугу тууралуу сөз болгондо, мурдагы союздук республикаларды ар кандай жолго салып колдонушат. Ал эми башкалардын коопсуздугу аларды кызыктырбайт. Бул эмне деген акмак саясат?
Тажиктер бизге согуш ачып жатса, коңшулар бир ооз сөз айтышка жарашкан жок. Себеби, баары тияктан указание алышкан «кысып олтургула» деген. Тескерисинче: «кыргыз-казак бир тууган»деп ырга кошуп даңазалаган казактарыбыз, кычашкансып ошол маалда тажиктерге курал жарак сатып калышты.
Керек болсо, кыргыз-тажик согушун океңдердин башчысы бир звонок менен, бир саатта токтотуп койсо болмок, үч күнгө созбой. Баткенде өлгөндөрдүн убалы Рахмон менен ошол сары тумшукка барып тиет. Жакынкы жылдарда азабын тартышат, экөө тең, Кудай буюрса.
Президентибиз дал ушул нерселерди ачык айтып, баардыгын чок тепсеген акмактардай акыбалга алып барып такап салды: ЖККУ боло турган болсо болсун, болбой турган болсо жоголуп кетсин дегендей. Президентибиз менен канча сыймыктансак жарашат.
Көргөнбүз, чокуларыбызга чейин атын коюп, Путиндин оозунун жели менен американын базасын чыгарып, көрүшкөн учурларда апасын сагынган бала окшоп Путинге өзүн таштап жиберген, а түгүл өбүшкүдөй болуп Путиндин үрөйүн учурган башчы сөрөйдү деле.
Кудай буюрса беш жылдардан кийин биз алардан зависимый болбой, өз алдыбызча жашап кетебиз.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс