Абдыбек Казиев & Руфат Эргешов, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Калыйнур Калмурза уулу, Би-Би-Синин Москвадагы фрилансери

Орозайым Нарматова

Жакында Садыр Жапаровдун мурдагы партиялашы Орозайым Нарматова кармалып, сурак бергенден кийин Москвага учуп кетти. Би-Би-Си аны менен байланышып, окуянын чоо-жайы жана анын мындан кийинки кадамдарды тууралуу маек курду.

Би-Би-Си: Сиз кармалгандан кийинки окуялар белгисиз бойдон калып, түрдүү имиштер тарады. Аэропорттон алып кетишкен соң эмне болду?

Орозайым Нарматова: Мен үчүн күтүүсүз окуя болду. Кыргызстанга бир тууганымдын сөөгүн алып баратканымды айтып, коомдук сайттарга жазганмын. Кыргызстанда жыйырма күндөй жүрдүм, ошончо убакта деле чакыруу жиберсе болмок.

Жеңем, анын балдары менен аэропортко келген учурда, сизге кетүүгө болбойт дешти. Мени кармап, машина менен Бишкекке алып келишти.

Агамдын каза болгону үй-бүлөбүзгө оор тийип, көпкө уктабай жүргөн үчүн бул окуялар кинодо болгондой эле сезилди. Муну мен жапайычылык катары сыпаттадым. Бишкекте тергөө иштери жүрдү, мени бат эле чыгарып, узатып коюшту.

Би-Би-Си: Сиз суракка ким катары бардыңыз? Шектүүбү же күбө катарыбы?

Орозайым Нарматова: Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен сизди тергөөгө алып келишибиз керек деп айтышты. Менин буюмдарымды алышты, эгерде күбө катары чакырышса, буюмдарыма тиймек эмес да. Алгач күнөөлүү катары эле алып кетишти окшойт, мен деле аны түшүнбөй калдым. Бишкекке барган соң күбө катарында чакырган болчубуз деп мени узатып коюшту.

Би-Би-Си: Өзүңүзгө коюлган доо же киненин чоо-жайын, анын негизи бар-жогун талдап берсеңиз…

Орозайым Нарматова: Менин эки жогорку билимим бар, билимдүү жаштардын катарындамын. Медиа чөйрөсүндө жакшы эле түшүнүгүм бар. Мен үчүн мекенимдин тынчтыгы, мыйзамдуу жол менен кетиши биринчи орунда турат.

“Аймак аралык кастыкты козуткан, бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менин күлкүмдү келтирди. Өзүм аял болсом, мурда мамлекеттик кызматта иштебесем, Кыргызстанда жашабасам кантип бийликти басып алмак элем? Болгону мени коркутуу, оозумду жабуу аракети гана болду деп түшүндүм.

Акыл-эстүү, билимдүү адам аймак аралык кастыкты козутуу тууралуу чакырык таштабайт. Менин мурагы видеолорумду адвокат көрүп чыгыптыр, ал тескерисинче мыйзамдуу жол, тынчтык орнотуу тууралуу чакырган экенсиң деп айтты. Тескерисинче сага ардак грамота бериш керек деп, күч-кубат берип турду.

Би-Би-Си: Сиздин мурдагы кайрылуу же билдирүүлөрүңүздө мыйзамга каршы келе турган жагдайлар бар болсо ошону так, өзүңүз ынангыдай кылып көрсөтүп бериштиби?

Орозайым Нарматова: Мага эч нерсени көрсөтүп беришкен жок. Бийликтин жактоочулары менин видеолорумду монтаждап чыгарган экен. Мени элге жаман көрсөтүү максатында ушундай видеолорду чыгарышкан болушу мүмкүн.

Ошол видеолорду чыгарып жаткандар Садыр Жапаровдун тарапташтарына тиешелүү деп айта алам. Эч ким мага күнөөлүү экенимди далилдеп бере алышкан жок, акырында күбө катары бошотту.

Би-Би-Си: Бул окуя сиздин активист же партия мүчөсү катары көз караш, пландарыңызды өзгөрттүбү?

Орозайым Нарматова: Жети-сегиз жыл мурда саясатка кадам таштап жатканда баарына даяр болуп келгенмин. Кыргызстанга кайсыл бир мезгилде барсам дагы, ушундай мамиле болоорун билчүмүн, күткөнмүн.

Эгерде андай мамиле кылбаса, мен капа болуп калмакмын. Ошондуктан бул нерселер менин көз караштарымды өзгөртө алган жок. Болгону бир жылдай аза күтүп, моралдык жактан өзүмө келип алайын деп жаткам. Бирок дагы эле адилеттүүлүк үчүн күрөшүүгө мажбур кылып коюшту.

Би-Би-Си: Эми мындан аркы иш-аракеттериңиз кандай болот?

Орозайым Нарматова: Мындан кийин дагы мыйзамдуу бийлик орнотуу жөнүндө айтып, таза партиялар келсин деген ураан менен чыга берем. Кыргызстан жалпыбыздыкы. Керемет, өнүккөн өлкө болушун каалайбыз. Ушул каалоомдон кайтпайм.

Би-Би-Си: Убагында президент Садыр Жапаровду кызуу колдогон элеңиз. Кийин ал кишинин чечимдерине, саясий жүрүштөрүнө каршы позицияда туруп калам деп ойлодуңуз беле?

Орозайым Нарматова: Ооба, менин бир тууганым болсо деле, туура эмес иш-аракет жасаса, чындыкты айтып турам. Мурда партияда жүргөндө, Садыр Нургожоевичтин айрым чечимдерине каршы пикиримди айтчу элем.

Азыркы президент камакка түшүп калганда дагы, туура эмес адамдар келип, айрым “дакансалар” ошондо эле бар болчу, «бийликтен кечирим сурайлы, күтө туралы» деген сөздөрүнө, “биздин позиция башкача го, мыйзамсыз иштерди көрсөтүү го” деп айтканмын.

Жапаров камалганы менен анын сөзү, идеясы камалган жок да, акырына чейин айтышыбыз керек деген талапты койчумун. Мен кайсыл партияны, кайсыл лидерди колдобоюн, анын туура эмес кадамдарын ар дайым көрсөтүп турам.

Би-Би-Си: Бул чуулуу окуя тескерисинче Орозайымга пайдалуу болду, аны мурдагыдан дагы көп адамдар таанып калды деп жатышат. Өзүңүз кандай пикирдесиз?

Орозайым Нарматова: Эгерде мага окшогон активисттер өзүн тааныта албай жатса, ушундай окуялар аларга балким пайдалуу болмок. Бирок мен үчүн абдан чоң моралдык сокку болду. Атам, эжем, үй-бүлөм ыйлап, ден соолугу начарлады. Мындай жол менен элге таанылгым келбейт, бул ийгилик жолундагы өзүн таанытуу деп айтпайт элем. Мен жакшы иштерим менен элге таанылгым келет.

Би-Би-Си: Эми бала чагыңыз, студенттик жылдар жана миграция тууралуу кенен айтып берсеңиз…

Орозайым Нарматова: Менин үч бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энемдин курагындагы башка кишилердин жок эле дегенде беш баласы бар, биз азбыз.

Окуу жайга кеткенде, бир туугандардан алыс жерде чоңойдум. Ата-энем мени тайманбас кылып, оюмду эркин айтууга үйрөтүшкөн. Апам мугалим болгондуктан, кыргыз адабияты, инсандары, маданияты тууралуу көп айтып, мени патриот кылып тарбиялады.

Бала чагым абдан бактылуу өттү. Кичинемде тентек болчумун. Мектепте кээде эжей-агайлар туура эмес баа койсо, талашып кетчүмүн. Экиге окуган кыздарга, мага да төрт койсо, ошол кыздарга койгон үчүн намыстанып кетчүмүн.

Мамлекет да так ошондой. Мыктыларды шайлабай койгон үчүн эмес, татыксыздарды ошол жогорку орунга ыраа көргөндөргө мен чырылдай берем. Бриллиант чаңга түшсө деле бриллиант, такайга килем жапсаң деле ал тулпар болбойт дегендей эле, ошону айырмалап билели.

2011-жылы мектепти бүтүп, Москвадагы жогорку окуу жайга өткөм. Кыргызстанда журналистиканы сырттан окудум. Москвадагы коомдук иштерге аралашып, миграциядагы оор турмушту, ийгиликке жеткен адамдарды көрүп, коом менен кошо калыптандым.

Жаштардын отуз пайызы өсүп, өнүгүп, көпчүлүгү жаман жолго түшкөнүн көргөндө, эмнеге мындай болуп жатат деген ой мени кыйначу. Бул менин саясатка келүүмө түрткү берди.

Жаштар мектепти бүтүп эле акча табуу үчүн эмес, билим, намыс, жакшы жолду тапканы келсе жакшы болмок. Мен ошол жолдо үлгү болгум келет, ар дайым баскан-турганымды, сөзүмдү көзөмөлдөйм.

Миграция турмушу оор, ушуга байланыштуу китеп жазып чыктык. Жакында элге чыгат. Башка өлкөдөн билим алып, акча таап, бирок мекенге кайтышыбыз керек. Анткени бир гана мамлекетибиз бар, бул ыйык!

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c7pl51e8qklo