Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Досье / Сиздей классташтан кудай өзү эле сактасын

Сиздей классташтан кудай өзү эле сактасын

Өзүңүздү акын жана маданият кызматкери деп атайт экенсиз. Айрыкча, тележурналист деп тааныштырат экенсиз.

Качантан бери, өлкөдөгү кырдаалга маданият кызматкери саясий баа берип калган? Кара кат жазып, ал жерге саясатчыларды катар тизип, өтө оор күнөөлөрдү коюптурсуз. Макул, Алтынбек Сулайманов же Janar Akaev сизге анча деле жакын эместир… Бирок, биринчи класстан төртүнчү класска чейин бир класста окуган классташыңыз Ахматбек Келдибеков туурасында жазганга кантип колуңуз барды? Сизде бир аз да болсо сый-урмат, абийир деген жокпу? Пахта койуунун деле чеги бар го дейм. Эми кантип теңтуштарыңыздын, айрыкча классташтарыңыздын бетин кантип карайсыз? Бир айылда чоңойгон, бир класста окуган классташың мокочо болсо да, ал жөнүндө жаман сөз айткың келбейт го. Балалык кезден жалаң жакшы нерселер гана эсте калчу эле, а сизде не себептен мындай караөзгөйлүк калыптанган? Классташтар бир туугандан кем эмес кымбат болчу эле. Сизде эч кур дегенде адамгерчилик да жок турбайбы, көрсө…
Сиз үчүн ыйык нерсе барбы деги? Башкалар жамандаса да, сиз биринчилерден болуп колдоп-коргошуңуз керек эле да? Макул, колдобой эле коюңуз, бирок кордобой деле койсоңуз болмок да, эже? Эртең айылыңызга кантип барасыз? Же, Бишкектен чыкпай жашай бересизби?
Кыскасы, сиздей классташтан кудайым өзү сактасын! Оомин🤲🏻🤲🏻🤲🏻!!!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс