Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Досье / Камчыбек Ташиев мүлкүн жана бизнестерин Испанияга чыгарып жатат, аялы учуп кетти

Камчыбек Ташиев мүлкүн жана бизнестерин Испанияга чыгарып жатат, аялы учуп кетти

Камчыбек Ташиев кызматка келгени нефть тармагын бүт өз көзөмөлүнө алды. Тажикстанга кеткен контрабандадан түшкөн киреше толугу менен Ташиевдин чөнтөгүнө түшүп жатат. Кыска убакытта Кыргызстандагы эӊ бай адамга айланды. Дубайдан вилла алды. Азыр эӊ акыркы үлгүдөгү брондолгон “Тойота ленд крузер 300” унаасы менен жүрөт. Анын баасы дагы 22 000 000 сомдон жогору турат. Ташиевдин байлыгы эбегейсиз өсүп жатканы жашыруун деле эмес. Ал топтогон байлыгын, мүлкүн жана бизнестерин Кыргызстандан чыгарып баштады. 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү Ташиевдин аялы Испанияга учуп кетти. Ал, бизнестерин жана байлыгын жайгаштыруу менен алектенип жатат. Анын учуп кеткенин аэропорттогу каттамга түшкөн маалыматтан дагы алсаӊар болот. Мындан тышкары Ташиев жана анын үй-бүлөөсү Испанияга туруктуу жашоого (вид на жительство) уруксат алды.

Испания өлкөсүнүн мыйзамына ылайык, башка мамлекеттин жарандарына туруктуу жашоого уруксат (вид на жительство) Испаниядан кыймылсыз мүлк сатып алса, ал өлкөнүн экономикасына инвестиция киргизсе, же ири киреше алып келген өндүрүштүк ишканаларды, заводдорду курган учурда берилет. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык Ташиевдин капиталынын дээрлик көп бөлүгү (банктагы акчалар) Испанияга которулган. Айта кетчү нерсе, Ташиев футбол клубда ойногон баласы стипендия алат деп мактанып айткан. Тескерисинче, Ташиев ошол клубга акча төлөп баласын ойнотуп жүрөт.
Камчыбек Ташиев өзүнө карата айтылган маалыматтарга “мурда эле бизнесмен болчу” деген жооп айттырат. Эмнеге анда мурда Ташиев 22 000 000 сомдук унааларды айдаган эмес? Эмнеге Ташиев мурда Дубайдан вилла алган эмес? УКМКга келгени бизнесмендери, саясатчыларды тоноп, контрабанданы жана бажы тармагын бүт басып алды. Күздө кайрадан революция болоору күтүлүп жатат. Анын негизги себеби Камчыбек Ташиев болот. Президент Садыр Жапаров ач көз досун тизгиндебесе, өзү дагы Ташиев менен чогуу кулайт. Бирок Ташиев байлыгын бүт чыгарып алды, качып кетет. Садыр Жапаров элге жооп берет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс