Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Сыйлык ээсин таптыбы?

Сыйлык ээсин таптыбы?

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына элге төбөсү көрүнгөн төрт төкмө акынга: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев жана Азамат Болгонбаевге Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы берилиши коомчулукта аябагандай кызуу талкуу, кызыл чеке талаш жаратпаса да, “төкмө ырчыларга жазгыч акындарга берилүүчү Кыргыз эл акыны наамы берилгени туура болдубу?» деген күдүк жаратып, көпчүлүк аны батынып, ачык айта албай туру.

Себеби, береги төрт төкмө ырчынын ырчылыгында айып таба албайсың. Айрыкча Амантай Кутманалиевдин талантында го эч даба жок, тубаса төкмө, берки үчөө да соңку он жылда кыйла такшалып, кагылып-согулуп калышты. Республикалык жана эл аралык айтыштарда кызыл чеке боло намыс талашып, алдыңкы орундарды камсыз кылып келатышат.
Ал эми эки анжы ой, күдүк суроонун төркүнү түшүнүктүү. Неге дегенде, төкмө ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп мамлекеттик наам алгандар — Калык Акиев менен Алымкул Үсөнбаев. Аларга 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген. Бул ардактуу сый наамды төкмө акындар Осмонкул Бөлөбалаев 1942-жылы, Токтоналы Шабданбаев, Ысмайыл Борончиев 1958-жылы алышкан.
Кийинки белгилүү төкмөлөрдөн Токтосун Тыныбеков болгону Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, Кыргыз ССРинин эл артистигин албаса керек эле. Ашыралы Айталиев 1994-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти болуптур. Төкмө ырчылардын арасынан Кыргыз ССРинин эл артистигин (1972-жыл), СССРдин эл артистигин (1988-жыл), Казакстандын калк артистигин (1994-жыл) алган — бул Эстебес Турсуналиев.
Улуу муундагы төкмө ырчылардын кенжеси Замирбек Үсөнбаев Кыргыз Республикасынын эл артистигин 1991-жылы алды.
Кийинки муундагы төкмө ырчылардан Кыргыз Республикасынын эл артистигин Элмирбек Иманалиев 2016-жылы 38 жаш курагында алган. Бир караганда эрте, бирок татыктуу алды. Ал талашсыз жана теңдешсиз талант эле. Аны жалгызсыратпай, дагы бир көйкашка төкмө Амантай Кутманалиевге ошондо эле Кыргыз Республикасынын эл артистигин берип койсо калыстык болмок. Анда, 2016-жылы Амантай Кутманалиевге Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаевдер менен катар Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы берилген.
Төкмөлүк — синкреттүү өнөр. Анда акындык касиет аткаруучулук, обончулук, артисттик шык-жөндөм менен жуурулушуп кетет. Төкмө өз чыгармасын көпчүлүктүн алдында, элдин кыйкырык-сүрөөнү менен жаратат. Азыркы күндө төкмөлүк өнөрдү сахнасыз элестетүү мүмкүн эмес. Жок эле дегенде төкмө ырчы ырын эл топтолгон жерде, эл алдында ырдап, көпчүлүктүн кулагынын курчун кандырат. Төкмөлүк өнөрдүн өзгөчөлүгү — ырчынын угарманы, көрөрманы болот. Ырчы учурга (убакытка), кырдаалга, элдин ага болгон мамилесине жараша ырдайт жана ырдын текстти ошого жараша жаралат. Кээде ырчыларды угуп отурсаң, катыра ырдап салгандай туюлат, а окуй келсең, тексттен жүрөгүңө жугарлык бир сап таппайсың. Аны издеп да кереги жок. Төкмөлүктүн табияты ошол. Анын күчү угуп отурган элге – аудиторияга арналып ырдалып, ошол мезгил, ошол жагдай, кырдаал жана аны угуп отурган угарман, алардын жаш курагы, коомчулуктун кайсы катмары, тойбу, мааракеби, ашпы, же жоробу ошол эске алынгандыгы.
Төкмөлүк — теңдешсиз, кайталангыс өнөр. Төкмө — бул жамгырдай төгүлгөн ыр театры. Төкмөлүк өнөрдүн жазма акындыктын айырмасы мына ушунда.
Ошондон улам, төкмөлүк өнөргө синкреттүүлүк мүнөздүү экенин эске алып, төкмө ырчыларга республиканын эл артисти наамынын берилип келгенин коомчулук деле, өкмөт менен партия деле туура көргөн. Бул биринчиден.
Экинчиден, Кыргыз Республикасынын эл акындыгын алган төртөөнө карата, алар жамакчылык деңгээлден өйдө көтөрүлө алдыбы деген суроо бар. Аны айтпаганда, төкмөлүк өнөрдүн деңгээлин канчалык көтөрө алды, акындын өнөргө салым коштубу — бул да тамаша суроо эмес.
Эгер алар өздөрүн эл акындыгын алгандыгына татыктуумун десе, анда анын жөнү башка. Эгер чындап эле татыктуумун десе, анда эч кандай ич тардык жок.
Бул жерде төрт төкмө акындан эмес, аларды сыйлыкка көрсөткөндөрдөн чоң чекилик, ката кеткен. Төкмө акындарга Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын берүү каталыгы 2016-жылдын 31-декабрында А.Атамбаевден башталып, төкмө акын Рахматилла Козукеевге аталган наам берилип кеткен. Кеп Р.Козукеевде эмес, төкмө акын Р.Козукеевди Кыргыз эл акындыгына сунуштоодо – сунуш берген тараптар эмнени негиз кылып алды, биз аны айта албайбыз. Бул киши өмүр бою театрда иштесе керек эле.
Эгер төкмө акындар Кыргыз эл артисти наамын алуудан намыстанса жана төкмө акындарды Кыргыз эл акыны наамына сунуштагандар аларды Кыргыз эл артисти наамына көрсөтүүнү намыс көрүшсө, анда бул төртөө 2016-жылы берилген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген эл артисти наамынан ошондо эле баш тартып койсо болмок.
Ал эми жазма акындарга келсек, кыргыз адабиятында улуттук адабиятка аябай эле эмгек сиңирген, адабиятка, поэзияга бүтүндөй өмүрүн арнап келаткан акындар аз эмес. Алар — Ү.Маматова, М.Осмонкулова, К.Көкүлов, Ө.Дөлөев, Т.Жороев, Г.Шакирова, А.Алымбаев (Баяс Турал), Б.Медетова, К.Белеков, Н.Капаров, С.Орозобекова, Б.Карагулова, Э.Өскөналиев, Ж.Акунова, А.Дооров, Д.Юсупов, С.Абылгазиев, С.Стамбеков, А.Акбаров, Т.Нуркемел, Т.Алымбеков, А.Темирова, Б.Сарыгулова, С.Күрүчбеков, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Ф.Абдалова, С.Касымова, А.Авазов, Н.Ахмедулин, Ш.Калыков, Т.Мендебаев, М.Тураева, М.Токторов, С.Сарбалаева, Н.Жаманкулов, Ж.Исабаева, Б.Көкөтөева, М.Исатов, В.Бөлөкбаева, А.Кожогулов, ж.б.лардын алды жетимишке таяп, арты 50дөн ашты.
Булардын ар бири адабиятка, анын ичинде поэзияга өмүрүн арнаган адамдар. Акыркы жылдарда инвестиция, инвестор деген түшүнүк пайда болбодубу. Жогоруда мен ысымдарын атаган акындар жөн эле акын эмес, алардын ар бири улуттук адабияттын инвесторлору. Тапкан-ташыганын улуттук адабияттын өнүгүшү үчүн жумшап келишет. Бир эле мисал айталы. Акын Гүлжамила Шакирова ыр китебин чыгарыш үчүн өзү жашабаткан үйүн сатканга барган. Булардын ар бири кеминде эле улуттук адабияттын өнүгүшү бир миллион сомдон аз эмес каражат жумшаган адамдар.
Бири кем дүйнө демекчи, акын Сагын Акматбекова: “Ыры эмес, ыр ичинде үтүрү, кээ бир тирүү акыныңан өйдөрөөк” – деп жазгандай, бул муундагылардын арасынан Т.Бостонкулов, Ж.Зарлыкбеков, А.Акималиев, Ж.Осмонкулов, А.Жапаров, Б.Бугубаев, М.Алиев, Д.Жапаров, З.Ажыматов ж.б. таланттуу жигиттерибиздин таланттары бааланбай, мамлекеттик наам, сыйлыктарды албай, жадагалса үйгө жарыбай көздөрү өтүп кетти.
Ыраматылык Чыныбай Турсунбеков деле улуттук поэзиянын угутун арттырган, интеллектуалдык көрөңгөсү мыкты акын эле. Кыргыз эл акыны наамын алгысы келсе, жеңил эле алып коймок. Бирок, ыймандуу экен, алган жок.
Алардан мурдагылардан А.Токтомушев, Д.Стантегин, Ш.Келдибекова ж.б. лар деле эч кандай наам, сыйлык албады. Аларга деле Кыргыз эл акынын берип койсо жарашпайт беле, жарашмак.
Бул муундагылардын арасынан Кыргыз эл акыны болгондор төртөө эле: М.Ааматов, К.Урманбетов, К.Култегин, анан эң кийинкиси болуп, төрт төкмөгө кошулуп, Б.Чотурова алды.
Төкмө акындардын мамлекет тарабынан бааланып, эл арасынан сүрөөнчүлөр да табылып, соңку 30 жылда дурус эле колдоо болуп келатканы колдоого аларлык. Ошол эле учурда жазма акындарды да унутпасак, акын-жазуучуларга мамлекеттин өгөй баласындай мамиле жасабасак деген кеп. Себеби, соңку 30 жылда кор болгондон жазма акындар кор болду. Баягыдай ыр китептерин чыгарып, калем акыларын колуна карматкан мамлекет жок. Сыйлык, наамдарды айтпай эле коелу. Бечара акындар ыр китептерин чыгарса да өз каражатына чыгарат. Анысы аз келгенсип, китептерин да бекер таратат. Мамлекет болсо, качан да болсо аларды эстебейт. Эстесе, төкмө акындарды эстейт, жазма акындарга берилүүчү, салт болуп калган Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын да төкмө акындарга берет. Ал арада мамлекет тарабынан бааланбаган жазма акындардын алды жетимиштен ашып баратат.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс