Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ жана АДИГАУРА (АВЫТ АСАНОВ) менен болгон интервью

КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ жана АДИГАУРА (АВЫТ АСАНОВ) менен болгон интервью

(Мен жөн эле илешип алгам)
“De-facto” гезити
№11 (61) 2012-жыл, 16-февраль.
«Бир убакта топурак болдук, өсүмдүк болуп өсүп чыктык, айбан болдук, анан адам болуп төрөлдүк,келечекте периште болобуз»
Бул жолу чайлашууга профессор, математик, дүйнө жүзүнө тараган 140 илимий эмгектердин автору Авыт Асанов, акын кыз, котормочулугу да бар, акыркы күндөрдө жалаң күндөлүк жазууга өткөн Айсулуу Көкөева болуп, алыскы Алайда эмес шаарыбызда эле кызы Жамбынын үйүндө ак карлуу кыш күндөрүн өткөрүп жаткан Кубат акенин үйүнө барып, дин, түбөлүктүүлүк, рухий өсүү темасында кенен-кесири сүйлөшүп, чер жазып кайттык.
— «Кыздын кырк чачы улуу» дейт эмеспи, сөздү Айсулуу эжеден баштайлычы. Өткөндө Кубат аке¬нин 70 жылдыгында айталбай калган арманыңыздан баштаңызчы?
Айсулуу Кокоева: — Мен анда Кубат аке экөөбүз кантип көрүшкөнүбүз тууралуу айткым келген. Мурун чыгармаларынан көрүп жүрчүмүн. Капыстан көчөдөн Кубат акени жолуктуруп күлүп жибердим. Мен кыткылыктап күлүп баштадым. Кубат аке да күлө баштады. Экөөбүз бири-бирибизди карап эле күлө бердик. Бирок бири-бирибизди тааныбайбыз. Ошондо жан дүйнөбүздү үнсүз түшүнүшүп турдук. Ошол көз ирмемде устатка болгон таазим, түбөлүктүүлүккө болгон сансыз суроо-жооптор. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы улуу жолугушуу эле.
«О золотое утро
Как старая дева
Сижу у окна
Гляжу на деревья и небо
Где-то в глубине сада
Ухает божья птица
Небо закрыт мощными об¬лаками
Облака высокие
В движении и в покое
В движении и в покое
Как всегда
Быстро пролетел одинокий Стриж
Второй, третий прилетели стрижи
Деревья качаются
Деревья качаются (они голые)»,- деп жан дүйнөмдү аңтар-теңтер кылган адам жанымда турган.
— Кубат аке, жан дүйнөнү аңтар-теңтер кылган дагы эмнелерди жазып жатасыз?
Кубат Жусубалиев: — Мен Индияга барган жерлеримди эле чиймелебесем, жарытылуу эч нерсе жазган жокмун. Адамзаттын катачылыгы чачынан көп. 70 жашка чыгып ушу¬ну түшүнүп, өзүмдү түзөп жатам. Сасып, саз болуп кеткен жылдарым болгон. Эми калган канча өмүрүм болсо каталарымды түзөө менен өткөрөм.
Авыт Асанов: — Катачылыкты моюнга алуу да улуулук. Жарык дүйнөгө келгенде эле кээ бир адам жакшы сапаттар менен, кээ бири жаман сапаттар менен, кээ бири оорукчан, кээ бири куландан соо төрөлөт. Ар кимдин тагдыры эмнеге ар кандай деген суроого такалып, ар кыл типтеги китептерди окудум. Бардык диндердин формасы эле айрымаланбаса, негиздери бир экен. Бардык диндер бир нерсени айтат. Европалыктар Гималайга барышып, «Кайсы дин кудайга тезирээк алып барат?» — деп бир акылмандан сурашат. Ал айтат: «Ит ээсин кандай кийим кийип жүрсө да тааныйт. Биз дагы кудай кайсы диндин кийимин кийбесин таанышыбыз керек»,- дейт. Анын сыңарындай, кеп кайсы динди кармаганда эмес. Ал ошонун негиздерин сактайбы, кеп ушунда. Адам жүрөгүн тазалаш керек. Биздин жүрөктө көп кирлер жатат. Бүт диндердин максаты эле — жүрөктү тазалоо. Жүрөктөрдө ачууга алдыруу, ач көздүк, көралбастык, жаңылыштыктар бар. Бол¬гон терс сапаттардан жүрөктү арылтыш керек. Ошондо кудайга жакындайбыз.
Билим экиге бөлүнөт экен. Материалдык жана рухий билим. Материалдык билим бул жашоодо бизге материалдык каражат табууга жардам бе¬рет. Мисалы, өтүкчүнүн, дыйкандын математика, физика, химия, медицина тармагынын билимдери материалдык билимге кирет. Мындан тышкары рухий билим бар. Аны кээ бирөөлөр көркөм китеп окуу деп түшүнүшөт. А чынында рухий билим — кудайды таануу билими. Бир мамлекеттин мыйзамдары бар сыяктуу, ааламдын да мыйзамдары бар. Ошол аалам мыйзамын бузбай жашашыбыз керек.
Кубатбек Жусубалиев: — Бул – эң улуу нерсе эң жөнөкөй нерсе менен байланышта де¬ген сөз. Асман менен жер байланышта. Эң жөнөкөй келпийген киши эң жогорудагы Кудай менен бир. Балким, анын жүрөгү таза болуп, кудай бизден жакшы көрөр. Эң майда нерсе эң улуу нерсе ме¬нен байланышта. Менин көз карашым ушундай, бул ыйык философия. Адам ушуну түшүнгөндө гана сүйүү, акылмандуулук пайда болот. Ал менменсинбейт. Андай киши сен айткандай ааламдын мыйзамы менен жашайт. Жашап бокко тойгон короздой болуп эле жүрө бербейт. Аны аткарат. Мисалы, мен кыргыздарга «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» де¬ген улуу сөздү айтып олтуруп жаман көрүндүм. Эй кыргыз, сен ушуну аткарбайсыңбы, сага конституциянын эмне кереги бар? Идеологияң, илимиң, тарбияң да улуу бо¬лот, экономикаң таза болот эле го деп чарчадым. Биз улуу диндерди айтып эле кыйынсынып жүрөбүз. А бирок биздин кыргыздарда ушулардын баары бар экен. Кыргыздардын тилинде, макал-лакаптарында буддизмде болбогон, христи¬ан дининде болбогон негиздер бар. Мен «муну атаңгөрү талпайып бу кыргыз билет экен го. Кандай эле алдыларынан мышык ыйлап калды, кандай таркады» деп ойлондум. Биз баарын жазуу аркылуу билип алдык. А мурун жазуу болгон эмес. Байыркы Кытайда кандай болгон? Кытайда илим оозеки таркаган. Бизде да оозеки таркаган. А мен кандай таркаган деп изилдемиш болдум. Карап олтурсам кыргыздын санжырасы улуу тарых экен. Себеби бул тирүү тарых. Кыргыздар бекеринен уруу-уруу болуп жашаган эмес экен. Мен канча айткан менен эски кишимин да. Менин оюмча, чоң, кичине ар бир уруунун башчылары болгон. Эл ошого ишенип, ошого баш ийишчү. Өлгөндө, жамандык-жакшылыкта ошолор башкарат эле. Үйлөнөрдө же аялын кетирерде дагы, турмуштун башка урунттуу учурларында башчылар кийлигишкен. Көзөмөлдөгөн. Ата-энесинин сөзүн укпагандарды жазалашкан. Менден бир муун мурункуларда эле ушундай болгон. Чычырканакка ороп өлтүрүшүптүр бир тил азарды. Демек, кыргыздар «Ууру кылба, ушак айтпа» деген прин¬ципти колдонушкан. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген сөз бар. Ким алып берсин ай.
Авыт Асанов: — «Таш ме¬нен урганды аш менен ур» де¬ген макал бар.
Кубатбек Жусубалиев: — Бул жөнүндө Будда айткан. Христос айткан. Сени жак¬шы көргөн кишини жакшы көргөнүңдөн эмне пайда деген. Тереңинде, дүйнөлүк акылга салып караганда кыргыздарды сактаган ушул болгон. Айкөлдүк болгон. Ошондуктан чоң катаклизмден аман калышкан. Улуу акылмандардын баары оозеки айткан. Ал кирген кулакка кирип эч бузулбай келген. Ушуну жолуң болгур кыргыздар изилдебей, баалабай акча талашып, дагы бир балээлерди талашып жүрүп унутулуп кетти.
Авыт Асанов: — Эгер адам көрбөй туруп укса, рухи өсүш болот экен. Эгер укпай калса, ал кишинин өсүшү кыйын экен. Үн да абдан күчтүү экен. Адамды өстүрө турган да, буза турган да үн болот экен. Курал да ошондой. Жамандыктан коргоносуң, ошол эле учурда адам өлтүрөт. Диндерде адамдын өсүшү төрт негизге такалат. Жүрөктүн тазалыгы. Чынчылдык Мээримдүүлүгү. Жалпы адамзатына мээримдүүлүтү. Акыркысы аскетизм. Түрк сопусунун айтканын эске алса «Биринчи бүткүл адамзаты жакшы жакка өзгөртөйүн дедим. Бирок бул мүмкүн эместигин билдим. Андан кийин үй-бүлөмдү өзгөртөйүн дедим. Бул да болбоду. Өзүмдү өзгөртөйүн дедим. Ошондо асмандан үн угулду. Башына ушуну башташың керек эле деди»,- дейт. Андыктан кыргыз элин жакшы сапатка үндөө үчүн өзүбүздөн башташ керек. Башканын жакшысын алып жаманыбызды жоготуп.
Кубатбек Жусубалиев: Ооба, эми чайга карайлы. М; Мага кыргыздын акылы көзүң деп айтылган сөз эсиме түшө берет. Байкасам чын эле ошондой. Бирөө иштесе чөк түшүп алып 5-6 саат карап олтура берет. Мен муну көрүп кыргыздын көзүндөгү акылы артып түшүп кеткен экен деп ойлодум.
Кубатбек Жусубадиев: — Күнү-түнү ойлондум. Кытайда бир балалуу болушат. Андан да кызыгы тун балага көңүл бурушат. Кыргыздарда илгертеден мал багышат. Бул чоң биримдүүлүк. Алардын 10-15 кою бар, ошолордун эң тунгучтарын сойчу эмес. Аларды сактайт. Мен бир жолу сурасам тукуму таза болот деп айтышкан. Кытайлар мына ушуну аткарып жатышат. Мен кытайга барсам, кичинекей кытайлардын бою чоңое баштаптыр. Ошонун таасири. Биз Жамбы экөөбүз Францияда жүрсөк мени көрүп «узун кытай» деп таңгалышып, Жамбы күлгөн. Чындап эле, бирок мендей кытайлар пайда болуптур. 14 балалуу болуп, анын 14тү тең жинди, ошонун эмне кереги бар? Мага бир жаныжок бир үй-бүлөнү айтып келди. Алты баласы бар. Баары түрмөдө. Болгон тапкан ташыганын түрмөгө ташыйт дейт. Мындай сандын эмне кереги бар эле, сапат керек го.
Айсулуу Кокоева: — Аз элдин жаманы биринчи, көп элдин жакшысы биринчи көрүнөт экен.
Авыт Асанов: — Кыргыздарда макал бар: «Бирөөгө op казсаң өзүң түшөсүң», «Жакшылык жерде калбайт»,- де¬ген. “Адамдарга эле жамандык кылсак бул кайра келет” деген. Биз кандай тири жандыкка жамандык кылсак да ал сөзсүз кайрылып келет. Табигаттын кырсыгы көбөйдү. Баязаддин Бистамиден мисал келтирейин. Ал кумурскага зыян келтирип албайын деп карап басчу экен. Бир күнү Меккеге баратып бир жакка эс алып тамактанат. Дагы бир он саат жол жүрүп келип, куржунун караса 4-5 кумурска жүрөт. Ал кумускаларды мекенинен ажыратпайын деп он саат артка барып, кумурскаларды таштап коюп Меккеге жөнөйт. Мына табигатка эмне деген биз үлгү алар мамиле. Азыр стресс, психологиялык оорулар көбөйдү. Жаман таасирдин үч түрү бар экен. Бирөө тууралуу жаман ойлоп койсоң — бул жаман. Экинчиси, сөз менен айткан жамандык. Үчүнчүсү — иш менен кылганың. Бул абдан оор.
Кыргыздардын учурдагы эң жаман дагы бир коркунучу бар. Ал арак, тамеки, нашаа. Европалыктар Америкага баргандан мурда 70 миллион индеец жашаган экен. Азыр 1 миллионго жетпегени калды. Алар кантип жок болду? Буларга арак, тамеки, нашаа курал катарында колдонулган. Муну колдонгондо бүт жагынан начарлайт. Кыргызды бул коркунучтан сактап калуу керек.
— Адамдар кантип рухий жактан өсүшү керек?
Кубатбек Жусубалиев: — Мухаммед пайгамбар айтыптыр: «Мен силерди кичи жихаттан улуу жихатка өткүлө дебедим беле»,- деп. Кичүү жихат — бул согуш-погуш балээлер. Ал эми улуу жихат — адамдын өзүндөгү болгон пасчылыкка болгон күрөш. Улуу трагедия, бирок мен бир да мындай мусулманды көрө элекмин, өзүнүн пасчылыгы менен КҮРӨШКӨН. Миңден бири чыкпаса. «Жизнь заме¬чательных людей» деген китептен окугам. Окутуучусу менменсинген шакиртине чаначка толтуруп пок ташыткан. Ошентип көпкөнүн, менменсингенин, желин чыгарып туруп, анан илимин бере баштаган. Болбосо анын башына эч нерсе кирмек эмес.
Авыт Асанов: — Ар бир динде рухий бийиктикке жетелөөчү устат болот. Ошолор өстүрөт. Ар бир элдин маданиятындагы, ар башка диндеги жакшы нерселерди акылга сиңирүү керек. Жалалидин Руминин «Бир убакта топурак болдук, өсүмдүк болдук, айбанга айландык, анан адам болуп төрөлдүк. Келечекте периштеге айланышыбыз мүмкүн» деп айтканы бар.
Айсулуу Кокоева: — Москвадагы чыгыш таануу музейинде «Мен өсүмдүк болдум, айбан болдум, түбөлүктүү болдум. Бирок эч нерседен утулганым жок» деген бир сопунун ыры бар экен.
Авыт Асанов: — Рухий өсүүгө айлана-чөйрө да чоң таасир берет. Рухий дүйнөсү, таанымы жогору адам менен ма¬миле курсаң рухий өсөсүң. Ру¬хий деңгээли сени менен бирдей адам менен бирге жүрсөң токтоп турасың. Ал эми рухий деңгээли сенден төмөн адам менен мамиле курсаң артка кетесиң.
Кубатбек Жусубалиев: — Гүлбакчага барсаң гүл жыттанасың. Дааратканага барсаң даараткана жыттанасың деген сөз да. «Иллиадада» көптү билген жаныжок жазыптыр. Бир ымыркай төрөлөр алдында атасынын түшүнө кире бериптир: «арак ичпе, тамеки тартпа, оң-солго баспа, эт жебе»,- деп. Атасы коркконунан ушул талаптарды аткарган бир динге кирип жаны жай алат. Бизде кайра ымыркайлуу болордо күчөп ичишет да. Анан кайдан шумдук бала төрөлсүн…
Авыт Асанов: — Аялыңдын бир кемчилигин айтыш үчүн, беш жакшы нерсесин баса белгилеш керек экен. Тигиниң, мунуң жаман деген болбойт экен.
Кубатбек Жусубалиев: Покту чукуган сайын сасыйт дебейсиңби. Математика — кудайдын илими. Кылычтай илим. Сенин сүйлөгөнүң да ошондой болуш керек. Кызыл тилдүү болушуң керек.
— Кубат аке, кыргыз адабиятына көз салып атасызбы? Деги абалы кандай?
Кубатбек Жусубалиев: — Мен көркөм адабиятты азыр окубайм. Арак-тамекини таштагандай эле таштап койгом. Бул кыйынсынгандык эмес. Кызыксыз. Кээ бир адамдар да сурайт. Окубайм десем жаман көргөнсүп калышат. Бул деле наркотиктей нерсе. Дүйнөлүк адабиятты күндөп-түндөп окуган учур болгон. Бирок айылдан келген балага бул керек болчу. Азыр эми кызык эмес. Азыркылар бир алптарды окуп жатса мейли. Детективдерди окушат. Поезддеби, самолеттобу, колдорунда детектив. Бул деген жөн эле албарсты, азгырык.
Авыт Асанов: — Биринчи ой жүгүртүү ойду пайда кылат. Ой сөздү пайда кылат. Сөз ишке ашып, адатты пайда кы¬лат. Адат мүнөздү пайда кылат. Мүнөз маданиятты, маданият тагдырды пайда кылат. Демек, ар бирибиздин ой жүгүртүүбүз жогору болсо, иштерибиз туура болот. Келечек кең болот. Азыр коомдо кыздардын орду чоң болууда.
Кубатбек Жусубалиев: — Токто. Оор жүктү аркалагандар, темселеп көп жумуш жасагандар — кыздар. Кубат менен Авытка да кыздар келди. Бул чоң тема. Токтотолу, эмкиде суйлөшөлу. Келгениңерге чоң рахмат.
Чайлашууну алып барган: Жамиля ТАШТАНБЕКОВА
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс