• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Саясий сабаттуулуктун баштапкы талаптары

Автор:ruh_admin

Авг 24, 2021
Өткөндө кыргыз саясатындагы адамдык сапаттардын маселеси тууралуу кеп болду эле (««Киши боло албай» жаткан кыргыз саясаты»). Биздин аткаминерлерге мүнөздүү кемчиликтер да саналып өткөн. Бирок анын чечилиши жалпы элдин сабаттуулугун жана жоопкерчилигин талап кылат экен. Андай сабаттуулук жана жоопкерчилик азыр мектепти жаңы бүткөн жеткинчектерден тартып шайлоо укугу бар жарандарыбызга чейин тегиз зарыл болуп турганын айрыкча акыркы бир жыл ичиндеги окуялар көрсөттү. Анткени өз өлкөсүнүн тагдырына жоопкерчиликтүү мамиле кылбаган эл мамлекетке ээ болууга да татыктуу эмес. Ал эми өз келечеги үчүн күрөшө албаган, эли өткөндөн туура сабак албаган мамлекет акыр аягында башкаларга жем болот. Андыктан бүгүнкү күндө саясий сабаттуулук маселеси чындап келсе Кыргызстандын бар же жок болушуна тете болуп турат.
Эл ала турган сабактар
Саясатчыларды тандоодо, аларга баа берүүдө эл эмнелерди үйрөнүшү зарыл? Биринчиден, жок эле дегенде шайлоого аттанган ар бир саясатчыга добуш берүүдөн мурда анын биографиясын, байланыштарын, байлыгын, мурда-кийин сүйлөгөн сөздөрүн, алардын чын-төгүнүн ж. б. толук изилдеп чыгыш керек. Азыр илгеркидей ар бир маалымат үчүн китепканага барып тирмийип отуруунун зарылдыгы жок. Кудайга шүгүр, Интернет деген бар, төбөсү көрүнгөн адамдар тууралуу оң же терс маанидеги маалыматтар толтура. Анын баарын салыштырып, бири-бирине карама-каршы келбеген жерлерин негизги маалымат катары кабыл алып, коошпогон шектүү жагдайлардын баарын тизмеге алып койгонго көп деле убакыт кетпейт. Өзүң кызыккан бир саясатчынын чоо-жайын билип чыгыш үчүн ашып кетсе бир күн кетер. Берген добушуң мамлекеттин тагдырын чечерин эске алганда бул анча деле көп убакыт эмес.
Саясатчыны баалаганда шек жарата турган жагдайлар кайсылар?
1) Коррупцияга тиешеси жагынан: а) алган айлыгы менен ээлеген байлыгынын ортосундагы айырма. Жалаң мамлекеттик кызматта, болор-болбос айлык алып, бирок кымбат баалуу машинеде жүрсө, кымбат үйдө жашаса, туугандарына эбегейсиз байлык катталса – ал жегич экенине 90% кепилдик бар. Миң шылтоо айткан күндө да андай немени шайлоо кылмыш менен барабар. б) толтурулган декларациясы менен реалдуу мүлкүнүн ортосундагы айырма; в) ээлеген кызматы менен туугандарынын мүлкүнүн байланышы; г) ээлеген кызматы менен мурда ишкерлик кылган ишканасынын байланышы. Мисалы, жол оңдоо боюнча фирмасы болсо, кийин дал ошол тармакты жетектесе, керектүү келишимдер өзүнүн фирмасына гана түшсө — бул түздөн-түз кызыкчылыктар кагылышынан кабар берет. Ал болсо коррупциянын биринчи белгиси; д) мурда козголгон кылмыш иштери бар-жогу, болсо андагы айыптоо корутундусу менен өзүнүн ага каршы жүйөсү; е) коррупцияга байланыштуу кабыл алынган чечимдердеги ээлеген позициясы (макул болгону, каршы чыкканы, кол койгону, демилге көтөргөнү ж. б.); ж) туугандарынын ээлеген кызматы, алар качан орношкону ж. б.
2) Саясий туруктуулугу, ишенимдүүлүгү жагынан: а) бир эле маселе боюнча мурдагы сөзү менен кийинки сөзүнүн ортосундагы айырма; б) бир эле маселе боюнча сүйлөгөн сөзү менен берген добушунун ортосундагы айырма; в) бир эле маселе боюнча сүйлөгөн сөзү менен кабыл алган чечимдеринин, кол койгон документтеринин ортосундагы айырма. Аны эрикпей-талыкпай маалыматтардан, документтерден караш керек; г) буга чейинки кошулган командалары. Мисалы, бийлик адамдары түзгөн партияларга («Алга, Кыргызстан!», «Ак жол», КСДП ж.б.») алар бийликте турган кезде гана кирген, кийин башкасына секире качкан адам принциптен мансапты жогору койгонун көрсөтөт; д) кайсы бир маселе боюнча кызматта тургандагы жана андан кийинки позициясындагы айырма. Эгерде кызматта турганда ошол маселени козгобосо эмнеге козгогон эмес деген суроо келип чыгат; е) өзү түзгөн саясий уюмдун программасы менен элге сүйлөгөн сөзүндөгү айырма. Эгерде ал айырманы билбесе демек жоопкерчиликсиз, билген болсо кыянаттыгы көп алдамчы; ж) кош жарандыгы; з) эгемендикке каршы, мамлекеттин кызыкчылыгынан башка нерсени (динди, башка мамлекетти, эл аралык келишимдердин улуттук баалуулукка каршы келген жоболорун) жогору коюп сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, кабыл алган чечимдери; и) мыйзамды бузгандыгы тууралуу өзүнүн эскерүүлөрү (китебинде, мемуарында, маектеринде). Бул кылмышын мойнуна алуу менен барабар, демек аны шайлаган киши – кылмышкер; к) соттуулугу алынган-алынбаганы. Соттуулугу алынбай туруп шайлоого аттанган киши жок эле дегенде мыйзамды каакы ордуна көрбөгөнүн далилдейт.
3) Ишке жарактуулугу жагынан: а) башкарып жаткан же башкара турган мекемесинин өзгөчөлүктөрүн, милдетин, ыйгарым укуктарын, дүйнөлүк практикасын билген-билбегени. Мисалы, президенттикке аттанып жатып премьер-министр аткарчу убаданы бергени, жергиликтүү кеңешке аттанган талапкер республикалык деңгээлдеги убада бергени — же сабатсыздыгын, же акыл-эсинде мандем бар экенин айгинелейт. Министр болом деген киши жок эле дегенде ошол башкара турган министрликтин эрежесин, милдеттерин, азыркы иштерин билүүгө тийиш; б) иштеп жаткан тармагынын элементардуу талаптарын билбегени. Мисалы, милийса бандиттик кылса, чекист популизмге жол берсе, дипломат сөгүнсө же мушташса, адвокат актагандын ордуна кардарын айыптаса, мамлекеттик айыптоочу тескерисинче актаган сөз сүйлөсө – бул ошол кесиптин талабына каршы келген, теңирден тескери жорук. Бийликке барганда деле ошону кылат; в) ыйгарым укуктарга тойбогону, киришпей турган ишке мурдун тыкканы; г) чече турган маселесине байланышкан мыйзамдарды билбегени.
Мындай адамдарга мамлекеттин тагдырын ишенип тапшыруу маймылга бомба карматуу менен барабар. Бомба жарылса маймылдан мурун ошону карматкан кишилер күнөөлүү болот.
Белгилей кете турган жагдай – ушунун баарына туура баа бериш үчүн катардагы шайлоочу, жаран сөз болуп жаткан документтердин баарын эрикпей-талыкпай окушу керек. Мисалы, президенттикке шайлоо жүрүп жатканда президенттин ыйгарым укуктарын билүүгө тийиш.
4) Адамгерчилик сапаттары жагынан: а) каратып туруп кылмыш кылган кишини актаганы же актоого аракет кылганы. Демек ал ошол кылмышкер менен чогуу, анын кылган кылмышын туура көрөт деген кеп; б) кемчиликтерин, кетирген каталарын мойнуна алуудан көшөрүп баш тартканы; в) жалпы элге тиешелүү талаптарга баш ийүүдөн баш тартышы. Мисалы, кезекке тургусу келбей алдыга жулунгандар, жөнөкөй ашканада кафенин шартын талап кылып жумшагандар, МАИ токтотсо ашатып басып кеткендер саясатка барганда деле ошол адатына салат. Жөн эле кадимки жаран катары суракка баруунун ордуна баррикада уюштуруп жатып алгандар акыры киши өлүмүнө себепкер болду; г) кимдир-бирөө бийликте турганда ага кылган кошоматы; д) алы жеткен кишини кемсинткени; д) этикеттин, нарк-насилдин элементардуу талаптарын билбегени.
Айрыкча дүйнөнүн баарын өзүнө милдеттүүдөй көргөн, элдин баары анын алдында күнөөлүү сыяктуу өзүн алып жүргөн адамдар өтө коркунучтуу. Ал эч кандай «эркектик», «жигиттик», «эрдик» эмес. Тескерисинче иттик, көпкөндүк, кесир. Ошентип дайыны жок зиркилдеген адамдардын биографиясын жакшылап карасаңар улам бирөөнө кошомат кылып, кайра кызматтан түшөрү менен сатып кеткендери көп чыгат.
Жогорудагы өңүттөрү кенедей эле шек туудурган адамдардын ЭЧ КИМИСИН саясатка эч качан ЖОЛОТПОШ керек. Бир жолу калп айткан, кошомат кылган, сатып кеткен, элге каршы кишини колдогон, кылмышка барган адам кийин деле ошол адатын улантат. Сүт менен кирген сөөк менен чыгат. Саясат андай адамдардан канчалык оолак болсо өлкөбүздүн келечеги үчүн ошончолук жакшы.
Документти жазгандарга ишенбей, документти окуганды үйрөнөлү
Жакында айыл жеринде саясатка аралашып жүргөн алысыраак таанышым менен сүйлөшүп калсам, «Конституцияны кабыл алыш керек деп бутум үзүлгүчө чуркадым, ичинде эмне бар экенин ит билсинби. Балким так мени атууга кетирген жоболору бар чыгар, анысына деле караган жокмун, сунуш кылгандарга ишендим» дейт. Бизди артка тартып жаткан нерселердин бири ушул. Кабыл алына турган, талкууга коюлган, ачыкка чыккан долбоорлорду, келишимдерди, мыйзамдарды, партиялардын программаларын ОКУШ КЕРЕК. Мамлекеттик кызыкчылыкка туура келеби-жокпу, биздин баалуулугубуз менен келишеби, күмөн санаткан жоболор кирип кеткен жокпу деп алдын-ала таанышып чыгыш керек. Карама-каршы келген жерлерине көңүл буруш керек. Ансыз болбойт. Анткени өткүчө «баары жакшы» деп жайкашат да, өткөндөн кийин так ошого таянып туруп өз билгенин кылышат. Окубай туруп добуш бергенден кийин документти көрбөй туруп кол койгон чоңдордон эч нерсе талап кыла албайбыз. Анткени өзүбүз ошентип алып келген болобуз. Ошонун жоопкерчилиги мойнубузда болгону үчүн бизди жаран дейт.
Сокур ишенимге каршы күрөш зарыл
Азыр Интернет кеңири кулач жайган сайын тилекке каршы калптын да казаны боркулдап кайнап, эмне жалган, эмне чын экенин билгенге чаманы жеткирбей элдин башын маң кылууда. «Шок!», «Тез көр!», «Эркекче айтты!», «Талкалап салды!» деген өңдүү жеңил баа материалдарга ишенгендер четтен табылат. Жер шарынын тоголок экенин мектептен жакшы эле окуган айрым жакшы санаалаштарым «баланча деген ыйык жер дүйнөнүн борбору экен» деп ишенип алыптыр. Ошондуктан Интернеттин мындай өзгөчөлүгүн эске алып, мектептерде да медиа сабаттуулукка, маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүгө үйрөткөн сабактарды киргизүү зарыл болуп калган өңдүү. Мектеп дейин десең, чоң эле кишилерди, жок эле дегенде өзү каалаган активисттерди, эл ээрчий турган адамдарды да ушундай окутуудан өткөрүүгө мезгил жетти окшойт. Албетте, журналисттер мындай талаптарга биринчи иретте жооп берүүгө милдеттүү, бирок тилекке каршы бул алардын абийириндеги иш. Аларды карап отуруп коом да кошо адашууга акысы жок.
Кыскасы, ак-караны ажыратып, өлкөнүн келечеги үчүн өзүбүздүн да жоопкерчилигибизди эстей турган убак келди.
Жыргалбек Касаболот.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс