• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Пакистандык студенттер кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасашты

Автор:ruh_admin

Авг 20, 2021

Кыргызстандагы пакистандык студенттер.
Кыргызстандагы пакистандык студенттер.

«Азыркы тапта Бишкектеги айрым адамдар пакистандык атуулдарга карата жагымсыз маалыматтарды таратууда. Баарыңыздарды чет элдик студенттерге жакшы мамиле кылууну суранабыз. Азыркы тапта Бишкекте жүргөн көп пакистандыктар студенттер эмес. Алар 15 күндүк карантинге алынып, Дубайга же башка өлкөлөргө кетчүлөр. Пакистандыктар Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жашап келет. Канча ирет өлкөгө зыян келтиргени катталды эле? Пакистандыктардын жашоо образы айрымдардын ачуусун келтирип жатат. Бул глобалдык көйгөйбү?», — деп жазылган.

Ооганстандагы Талибан кыймылы бийликти басып алгандан кийин социалдык медианын айрым колдонуучулары Бишкекте ооганстандыктарга окшогон пакистандыктар көбөйгөнүн жазып чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Кыргызстанда социалдык медиада талкууланып жаткан «өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү» деген маалыматтарды төгүндөгөн.

Пакистан ислам мамлекетинин атуулдары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

Бул өлкөдөн жети миңге чукул студент Кыргызстанда билим алат. (BCh)

https://www.azattyk.org/a/31419999.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс