• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

«Ар бир адамдын эс алганга укугу бар. Ал деле адам да»

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2021

«Ар бир адамдын эс алганга укугу бар. Ал деле адам да» — дегендер бар экен Садыр мырза. Бул эмнеси? Сиз: «Адамдан башкачамын. Мен гана өлкөнү өстүрүүгө кудуреттүүмүн. Ал үчүн күн-түн дебей кулча иштеп берем! » — дебедиңиз беле. Же, кулдай иштебей эле «Крузактан крузак» алмаштырып, кум кечип кутурам. Кучакташып досторум менен байма-бай, шайма-шай шашылыкка чыгам»- дедиңиз беле? Ал тургай атаңыздын арбагын аралаштыра карганып ийген жайыңыз да бар болчу. (Ыйманы саламат болсун!) Же эмне, атаңыздын арбагы:» Ыраазымын! » дедиби, уже. Кана..? Кайсыл жумуштарды бүтүрүп чарчадыңыз деги? Карапайым элдин жашоо-турмушу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика оңоло баштадыбы? Кургакчылык, кымбатчылык, пандемия, коррупция дегендердин жолун өзүңүз айткандай «кан буугандай буудуңузбу»? Өлкөнүн казынасы «кусундуга» мелт-калт толдубу? Аны сураса «Мага убакыт бергиле! Жаңы эле келбедимби» — дээрсиз дароо. А жаңы келген киши эс алууну билбей, баш көтөрбөй иштеш керектигин айтпайсыз. Урматтуу президент, сиздин эс алганга УКУГУҢУЗ ЖОК! Сиздин урунуп аткан ар бир мүнөт мамлекеттики, элдики, меники. Аны каалагандай сарптап, кааласаңыз суу кечип, кааласаңыз токой-чер аралаганга томуктай акыңыз жок. Түрмөдөн кийе чыккан күрмөңүз гана сиздики. Калганы баары элдики. Чаалыкпай, чартаңбай теппей иштеңиз! Же чарчасаңыз убакытты уурдабай кетиңиз!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс