• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

Тамыр!

Автор:ruh_admin

Июл 30, 2021
Жалгыз түп дарактын канчалаган тамырына таң калып Жайтеректин токойунда сүрөткө түшкөн элем… Кыялымда менин да ушундай тамырым көп болсо деп ичимден тилек кылгам. Кудайдын сүйгөн пендеси экенмин. Кудай мага дос-тамырды абдан кенен бериптир. Ким кандай десе өз иши. Мен кыргыз экениме ушунчалык сыймыктанам. Кооз сөз же жөн эле популизм үчүн эмес, чыны менен мекенимди сүйөм. Кудай экинчи өмүр бергендей болду. Эскертүү берди. Эки мүнөткө жетпей жарыкчылык менен коштошуп калаарыбызды дагы бир жолу эскертти. Элим үчүн дагы кызмат кылып, Кудайдын ыраазычылыгын табышым керек экенин түшүндүм… Элимдин, дос-тамырымдын мага болгон сый-урматтын билдим. Алтындарым ар-бир жазган ак тилегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Менин үйүмдөн даам сызып көрбөгөн Инаят Ниматова деген алтын кыз… Менин атымдан барып садага бергениң үчүн, Асылбек бир тууганым кара эчки союп таратып жибергенине ыраазы болдум.Бакай Өмүралиев иним менен Шайырбек Абдырахман досум түлөө берип элдин батасын алалы дешет… Сыймык Бейшекеев досум эртерээк чык дейт…Баары элден бата алалы дешет. Ушунчалык дос тамырым көп экенин кырсыктаганда билдим. Болгондо да ак үй же көк үйдөгү досторум эмес, карапайым элдин арасында кадыр күткөнүмө кубандым. Эл көп келгендиктен биз жаткан оорукананын биринчи кабатындагы эжекелер ушул жакта эле отура бербейсизби деп тамашалап калышат…
Урматтуу менин алтындарым, мени көрбөй,таанып- тааныбай туруп алыста жатып алып батасын арнап жаткан жалпы замандаштар, чет жердеги иштеп жүргөн бир тууган, досторум! Сиздер үчүн каруум казык, каным азык! Элим үчүн ак кызмат кылам деп убада берем. Буюрса, биринчи күнү ишке чыгып калаармын. Ден-соолук жакшы болуп келе жатат. Мен деле жаткандан тажадым. Дарыгерлер уруксат берсе, азыр деле түнкү Бишкекти кыдырып кеткени турам.)))
Сөз байлыгым канча кенен болгон менен элиме,досторума, туугандарыма мени тааныбай туруп сыйлаган замандаштарыма жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыкты сөз менен жеткире албай жатам. 45 жашка чыкканча өйдө төмөн сүйлөп же туура эмес мамиле жасап койгон болсом сиздерден башымды ийип кечирим сурайм!
25-июль экинчи туулган күнүмдөй болуп калды. Биринчи жардам көрсөтүп, Ала-белден Токтогулга жеткирип барган Данияр деген Оштук бир тууганыма үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Башымды тиккен врач жигитке, чачымды алам деп жарымына жеткенде колун кесип алган кара кызга, калганын шыпырган эжеге, баарыңарга ыраазымын. Аттарыңыздарды сурабай калыптырмын. Себеби, өз атымды айтканга араң жарап жаткам. Жаңы авария болгондогу сүрөтүмдү салсам ашыкча болуп кеткен турат…
Кудай келинчегим экөбүзгө жана биз менен сапарлаш досторубузга экинчи өмүр берди… Ушуга шүгүр деп, жаңылган жазган жерлеримди түздөп калган өмүрүмдү элиме чын дилимден арнап берем деп Кудайга убада берип жатам!!!
Кыргыз мамлекетибиз буюрса, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз баарыбыз бирге ак иштеп, так иштеп алдыга сүйрөп кетебиз. Манастын эли эч качан мүңкүрөп калбайт. Татыктуу Колбашчы турганда элибиз кайрадан Каганат курат…Мен бөркүмдөй көрөм. Биз Кудай деген элбиз. Жаштарыбыз билимдүү жана ыймандуу. Келечек алдыда.
Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мага арнап жазган каалоңуздар, тилеген ак тилектериңиздер сиздерге Кудайдан кайтсын. Урматым менен Ырсалиев Жамалбек Самарбекович. Бишкек шаарынын 1-вице-мэри.
P.S. Урматтуу достор менин ыраазычылыгымды элиме жеткиришип койсоңуздар.
Мага берген жардамыңыздар ошол болсун. Себеби, элиме ыраазымын! Ошону жеткирейин деп аракет кылып жатам. Суранам?! Комментарий жазып жана бөлүшүп коюңуздар?!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс