Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / «Манас» фильми тууралуу учкай кеп…

«Манас» фильми тууралуу учкай кеп…

***
2009-жылы атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев менен Лос-Анжелеске, Голливудка «Манас» тууралуу кино тартуу идеясы менен Америкага барганбыз. (Анда КРнын маданият жана маалымат министри элем.) Бул демилге биз (КР) жана Голливуд тараптан көтөрүлгөн эле. Дүйнөлүк кино индустриянын борбору — Голливудда бир жумадай болдук. Голливудда» Фокус ХХ кылым» компаниясынын ошокездеги Вице-президенти Sanford Panitch менен жолуктук. Пикир алыштык. Дүйнөлүк магнаттын студиялары менен тааныштык. Кайран Бокем мунун баарын көрүп көзүнө жаш алып да жиберген. Биз өзүбүздү таш доорунан келгендей элестетип жибердик. Мени кубантканы Sanford Panitch мырзанын кабинетинен англис тилине которулган «Манасты» көрдүм. Ал Манасты киного айландыруу идеясын айтып, «Голливуд сценардык кризисте» турганын да жашырбады, алар «локалдык долбоор» ( кайсы бир элде, ошол элге таандык өзгөчөлүктө) багытында иштеп, биринчи жолку тажрыйба Голливуд үчүн күтүүсүз ийгилик жаратып, бу долбоордун алкагында тартылган «Миллионер из трущоб»10го жакын «Оскарды» жеңип алганын өзгөчө басым менен айтты. Ушул долбоордун алкагында «Манас» эпосуна кайрылуу идеясы бар экендигин, Голливуд дүйнөлүк атактуу эпостор тууралуу буга чейин кино жараткандыгын белгилеп, кыргыз эпосу аларды өтө кызыктырып жаткандыгын жашыра албады. Бокем бу сөздү угуп өтө сүйүнгөну эсимде. Азырынча ким тартат, ким каржылайт деген маселе туюк турду. Мен Бокем жөнүндө вйттым. А кишиден өткөн режиссер жок экендигин, эгерде сиздер туура корсонуздор Болот Шамшиев фильмдин режиссер-коюучусу катары мыкты чыгарма жарата алат дедим. Албетте, Голивуддун өзүнүн стандарты, өзүнүн тактикасы бар. Ал турган сөз. Кызык жери, бул кебибизге Манасты узун — туура окуп чыккан эксперти да аралашты. Анын Манас тууралуу жасаган анализи биздин оозубузду ачырды. Чындыгын айтайын, балким бу менин субьективдуу көз карашымдыр, ал кишинин анализин бир дагы кыргыз илимпоздорунун оозунан уга элекмин. «Манасты» Дүйнөлүк рух шедеври»деп атады. Манасты — аалам, космос, философия, адамзаттык Код катары айткандары али да эсимен кетпейт. Голливуд бекеринен Голливуд эмес тура.
Асмандагы маселеден жердеги маселеге түштүк, ал — каражат. Вице-президент бизге күтүүсүз суроо берип калды» Сиздердин оюнуздар боюнча Манастын бюджети канча болушу мүмкүн?» деп калды. Министр дедиби, айтор мага адрестелгендей болду бу суроо. Чындыгын айтканда, бу суроого даяр эмес элек. Бокем, оозуман сөздү жулуп алгандай эле, «120 млн» деп жибербеспи. Мен бу сумманы укканда Бокемин бутун басып, акырын кулагына шыбырадым «Көп эмеспи, Болот аке» деп. «Булардын акчасын не аямак элек,» деп да жиберди кыргызчалап. Эки көзүм тиги кишинин бу суммага болгон реакциясында. Ал да кебелбей» Окей» деп койду. Ичимен ойлоп калдым… БОКЕМ туура эле айткан окшойт деп. «А, кыргыз тарап канча каражат кошо алат? » деди Sanford Panitch мырза. Канча каражат кошот… а тууралуу айткандай, менде андай кесе айтканга укук жок эле. «Биз ойлонуп көрөлү» дедим. Бокем, болсо жөн туралбай «1 млн.кошот» деп ийди. Sanford Panitch мырза кытмыр күлүп койду. Ошо кытмыр күлкү менен кошо Манасты кино тартуу идеясы да аягына чыкты окшойт…
«Манасты» тасмага тартуу идеясы ошондо бир көтөрүлүп, тилекке каршы аягына чыкпай калды…
Бу сапар ал идея кайра жанданып, ал гана эмес тартуу иштери да жүрүп жатат… Биз билгенден. Бул жолу фильмдин идеясын кинорежиссер Өмүрзак Толобеков колуна алды…» Миң уккандан, бир көргөн» дейт. Ушул принцип Өмүрзак Толобековду намыстандырды сыягы. Кино тартуу менен кошо ачуу сындар да туш тараптан чыга баштады. Өмүрзак да кыргыздын намыстуу инсаны, анын рухун козгогон көп ичке зор даремет бар чыгар. Жигиттин сөзү жерде калбайт. Мындан бир нече жыл мурда ушул ой менен «ооруп жүргөнүн» билээр элек. Манастын духун кыргыздан өйдө эч ким билбейт. Илгери элибиз манасчыларды суроп-суроп жүрүп Сагынбайга, Саякбайга айланткан. Улуу ойду дегдеп чыккан кыраан жигитибизге ошо суроон жетпей жаткандыр. Сын айтканга эч кеч эмес. Убагында колдоп, дем берсек жигиттин сүрү тоо жарар, улуу ишти жаратар… Сындап жүрүп коп нерседен калган, коп нерседен айрылган элбиз… Бирок, бу сапар намыска келер чак келди… Жакшы тилек элибиздин жарасын айыктырып, жарым ырыс катары бааланып келет… Өз убагында күлүкту сүрөй билели…
Султан Раев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс