• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

Талибан жана кыргыз бийлиги…

Автор:ruh_admin

Июл 28, 2021

«Талибан» кыймылын билбеген жан болбосо керек. Азыр алардын ити чөп жеп Ооганстандын бийлигин толугу менен мына, мына деп колго алганы турат. Бирок кеп анда эмес. Кеп бул террордук уюм Ооганстанга келе турган инвестицияларды кош колдоп колдой тургандыгы тууралуу билдирүүсү болду. Мисалычы Талибандын өкүлү Шахин Сухайл америкалыктар Ооганстандан толугу менен чыгарылгандан кийин Кытай менен жалпы наркы 1 трлн долларды түзгөн жез, көмүр, темир, көгүлтүр отун, кобальт, алтын, литий жана торийдин кенин иштетүүгө келишим түзүлөөрүн билдирди. Ички инвесторлорго дагы артыкчылыктар түзүлүп, чакан бизнести алып барууга шарттар каралат деп жар салды.

Эми өзүңөр элестетип көргүлө! Террордук топ “өлкөгө келе турган сырткы, ички инвестицияларды колдойбуз жана сактыгына кепилдик беребиз деп жатат!”
Биздин кайран бийлик жада калса ушул терродук уюмчалык акылы жокпу? Күйбөгөн жериң күл болот экен эй! Биздикилер сырткы инвесторлорду коюп, ички инвестор, бизнесмен, жеке ишкерлерибизди сапырып, бизнесин тартып алып, каралагандан башка эмнени кылганды билет? Текшерген органдардын санынан адашасың! Жырткычтай болуп, кимдин бир бизнеси көзгө урунса баса калмай, кожоюнун доого жыгып, караламай болбосо чет өлкөгө кууп чыкмай болуп калбадыбы.
Ай, деги биз качан түшүнөбүз? Бизнесмендерди, ички жана сырткы инвосторлорду биз алдейлеп турушубуз керек, шартын түзүп беришибиз керек. Ыңгайлуу мыйзамдар менен камсыз кылышыбыз зарыл эмеспи. Анын ордуна баары тетиринен кетип жатпайбы. Ойлонгула, ойгонгула! Акылды иштете баштайлы.
Бул жерде ооганчы талибдерди мактоо эмес, болгону жырткычтар дагы бизнесмен, инвесторлордун акчасы жок алыска кете албай тургандыгын түшүнүп жаткандыгында.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс