• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Р. Бостоновго боштондук!

Автор:ruh_admin

Июл 28, 2021

Рашит Бостоновду кээ бирибиз таанысак, кээ бирөөбүз тааныбаган чыгарбыз. Тааныбагандар үчүн коррупцияга аралашкан, бийлик тарабынан айыпталып жаткан адам болушу мүмкүн, бирок өзү эмгектенип кеткен «Кыргыз-нефть» ишканасында беделдүү, өз ишин мыкты билген, дасыккан адис. Анын кадыр-баркы бүгүнкү күндө да жогору, кесиптештери , төрөлүп өскөн жумурай журту аны колдоп жатат.

Айыпталып жатканынын бирден бир себеби, кээ бир бийлик башындагы өкүлдөрдүн Бостоновго карата тирешүүсү, жеке кызыкчылыктарга байланыштуу болгон кекчилдик мамилеси себеп болууда. Мыйзамдуулуктун , адилеттиктин таразасын кармап турган инсан, ак иштеген эмгекчил Бостоновдой ишмерге тишин кайрап жаткандыгы эмнегедир элди да, ишканада иштеген ишкерлерди да нааразы кылууда. Айтайын дегеним, пандемиянын кесепетинен кыйрап бара жаткан экономикабыздын тамырына биротоло балта чаап, толбой жаткан бюджетибизди биротоло какшытып албайлы. Кеч боло электе ойлонолу, ойгонолу! Бостоновдой өз ишинин мыктылары, өлкөнүн келечеги үчүн өндүрүштү биринчи орунга койгон ишкерлерге биздин мамлекет азыркы тапта өтө муктаж.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс