Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Досье / Үсөн Сыдыков…

Үсөн Сыдыков…

 Бу кишинин ысмы биздин районго «Биринчи» болуп келгенден бери кулагыбызга синип калды. Ординардуу эмес личность. Акыркы 40 жылдан ашуун мезгилден бери саясий Олимпте келди. Совет үлгүсүндогу жетекчилердин акыркы могиканы. Ото харизматикалуу, принципалдуу инсан. Ошол эле учурда бу киши тууралуу карама-каршылыктуу ойлор айтылып келет. Акыркы мезгилдеги жетекчилер ичинен эн эле белгилүү, кыргыз саясатына таасири күчтүү инсан болгон. Анын лидерлик сапатын айланасындагылар гана эмес, «душмандары» да ичинен бийик баалап, ошол эле учурда анын адамдык сапатына бир жактуу эмес баа берер эле. Бу кишини эмне деп гана аташпады, бирок ал эң кыйын учурда да — Усон Сыдыков деген ысмын сактап калды. Баарын көрдү, баарын өзүнүн тагдыры аркылуу өткөрдү. Бирок, бийик Адам бойдон калды. Мекенчил — Улутту сүйүүнүн үлгүлөрүнүн бири эле…

Ал киши сыртынан таштай бекем көрүнгөнү менен, дээринде адамгерчиликтуу, кенен, боорукер, табияты жөнөкөй эле. Жашоодо эч кимди сатпады, өзү ишенген адамдарга башын канжыгага байлап берди… Бу мүнөз, чыныгы адамдык мүнөз. Канча кызматтарды ээлебеди, бирок суук колун элдин мүлкүнө, ырыскысына салган жок. Жетекчилик маданиятты Т. Усубалиев, А. Масалиев, С. Ибраимов сыяктуу алптардан, кристалдай таза инсандардан алды. Биз билген Усон Сыдыков ушундай…
Эл билген Усон Сыдыков, кыргыз жетекчилер когортасынын көрүнүктүү өкүлү, өзгөчө доордун каарманы түбөлүккө жол алды…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс