Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Чүй облусундагы суу тартыштыгын чечүүчү жолдорун Израилдин компаниялары менен биргеликте изилдеп баштадык

Чүй облусундагы суу тартыштыгын чечүүчү жолдорун Израилдин компаниялары менен биргеликте изилдеп баштадык

Учурунда министр болуп турганда, декабрьда Панфилов, Жайыл, Москва райондорун кыдырып, суу таңкыстыгын чечүүчү жолдорунун бири катары ОЧК-2 (обводной чуйский канал) долбоорун Өкмөткө сунуш киргизгем. Ал 15,5 км каналды Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги 52 миллион долларга баалап салышкан. Башкача айтканда каналдын 1 километри 3,35 миллион долларга бааланган. Мен техникалык-экономикалык негиздемесин берүүсүн талап кылгам. Тилекке каршы аны алганга жетишпей калдым, анткени жумуштан бизди кетирип салган.
Ушул долбоорду бир топ эсе арзаныраак жазатыш үчүн ирригация технологиялар боюнча дүйнөлүк лидерлер менен байланышып жатам. Алар биздин өкмөттүн кетире турган каражаттын көлөмүн угуп алышып, кадимкидей эле шок болуп жатышат. «Каналды эмне алтындан салайын деп жатышабы» — деп күлүп таңгалышты.
Бул долбоорду сөзсүз ишке ашырыш керек. Бирок акчаны ысырап кылбай, сол чөнтөккө бир да тыйынды кетирбей ишке ашырыш керек.
Бул каналды салсак, 400 миллион кубометр сууну жылда Казахстан тарапка жердин асты менен агызып жоготпой, батыш БЧКга кирип жаткан азыркы секундада 60м3 көлөмдөгү сууга, кошумча 72-85 м3 сууну кошобуз.
Бул бүткүл Чүй облусунун дыйкандарынын суу таңкыстык көйгөйүн чечип берет.
Азыркы өкмөт мени душман катары көрбөй, сунуштарымды туура кабыл алышса, жалпы элибизге жакшы жардам болот эле.
p.s. Бул алдыңкы ирригациялык технологиялар боюнча эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүү израилдик адистери менен алдын ала консультациялык жолугушуусу Дмитрий Шкаф, Кыргыз Республикасынын Израил Мамлекетиндеги Ардактуу Консулдун жана Kunduz Niiazova, Тель-Авив Университетинин илим кандидатынын активдүү көмөктөшүсү менен өттү.
Тилек Токтогазиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс