Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Досье / АКЫРЫ ЖОК

АКЫРЫ ЖОК

_
Жашымдан мээнет басты чөккөнүм жок,
Жакшылык, дөөлөт басты көпкөнүм жок.
Тыйындан сом курадым байлык үчүн,
Түбүнө түгөнгүрдүн жеткеним жок.
_
Мансаптын балын жуттум, төккөнүм жок,
Манчыркап манап болуп кеткеним жок.
Бийиктин талаасында дыйкан болуп,
Мончоктоп тер агыздым кетменим жок.
_
Жаңылып уу жутупмун — өлгөнүм жок,
Жамандык көп азгырды көнгөнүм жок.
Бирөөлөр таш ыргытса, аш берипмин,
Бир гана ушакчыны жеңгеним жок.
_
Билгенге жакшылыктын акыры жок,
Бир гана билбеген бар — акылы жок.
Эмгеги эл-журтумдун — менин ырым,
Эл болбойт арасында акыны жок.
НАДЫРБЕК АЛЫМБЕКОВ.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс