Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Досье / Азыр Кыргызстанда бизнесмендерди тоноо күч алды

Азыр Кыргызстанда бизнесмендерди тоноо күч алды

Кыргызстанда эмне көп? Текшерүүчү орган көп. Эптеп бир жерден бир нерсе өндүрүп, болбой баратса жалаа жаап, кылмыш ишин козгоп, отургузуп, бизнесин тартып алмай деген илдеттен арылалбай койдук ботом.

23-июнда президент ишкерлер менен жолукканда сөз сүйлөгөн ишкерлердин 99,9% пайызы мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөр токтобой, ар бир шылтоону айтып, бизнеске жолтоо болуп жатканын президентке тике карап эле айтып беришпедиби.
Ай, бизнес, ички жана сырткы инвесторлор болбосо, каяктагы айлык, пенсия пособие болот? Президент өзү деле экономиканын 80% жеке ишкерлик камсыз кылат деп моюндабадыбы. Анан кантип ушул өзүбүздү экономикалык жактан камсыз кылып, оозубузга ашын сунуп жаткан колду шапалак менен чаап салабыз? Кантип дитибиз барат?
Бизнесмендер ишкерликтен түшкөн пайдасынан салык төлөп, социалдык которууларды жүргүзүп, жумуш орундарын түзүп берип жатканда аларга мындай кордук көрсөтүү болбойт! Азыр канчалаган бизнесмендер Кыргызстандагы мыйзамсыздыктын, куруу жалаанын курмандыгы болуп капиталын чет өлкөгө чыгарып кетти. Капиталын чыгарып кетсе дагы жакшы дейсиң. Канчасы бизнесин тарттырып, өз жанын аман сактап калуу үчүн сыртта кыйналып жүрөт?
Ошондуктан, өлкөнүн өнүгүшүн кааласак ишкерлердин ишине жолтоо болбой, куруу жалаа, асмандан алып токулган кылмыш иштерди тыкыр изилдеп, күнөлүүсүнө жазасын берип, күнөөсү жогун актап, ишкерликти улантууга шарт түзүп берүү керек.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс