Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН…

АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН…

ЖРТ менен бюджеттик окууга тапшырууну каалап, бирок балл аз болуп же орточо балл алган бүтүрүүчүлөр үчүн өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп бир канча #лайфхактарды сунуштайм. Балким, кимдир бирөөгө пайдалуу болуп калышы мүмкүн.
Мен 2009-жылы ЖРТдан 146 балл (эгер адашпасам) алгам))). Бирок үйдөгүлөрдүн менден күтүүсү башка эле 😅. Бишкекке келип ЖОЖдорго барсак, сенин баллың бир эле «Арабаев» университетине туура келет дешти. Ага болбой эле мен «Манаска» окуйм деп туруп алгам. Анда Манас университетинин өзүнүн экзаменине тапшыр деп, ага катыштым. Андан да начар балл алып, баллы эң төмөн деген айыл чарбасына да өтпөй калдым 😆. Бирок «Манаска» окуйм деп катуу кыялданып алган элем, экинчи турда шансыбызды «Манастын» ОРТга бөлгөн орундарына сынап көрөлү дедик. Бул жерде менин бир тууган авамдын колдоосу жана ЖРТны тапшыруунун системасын жакшы билгени мага чоң колдоо болгон. Болбосо 146 балл менен келген мени, БГУ, Арабаевдин мугалимдери босогодон эле шагымды сындырышкан. Контракттык окууга да араң өтөсүң деп))). Ошентип, «Манастагы» 2-турдун бүтөрүнө бир-эки саат калганда, авам барып бардык бөлүмдөрдөгү бөлүнгөн орун жана баллдарды эсептеп, коэффиценттерин чыгарган. Менин баллым бир гана конкуренция эң аз болгон тарых бөлүмүнө жетет экен. Анда да айылдык мектептер үчүн бир эле орун калыптыр. Башкасыга 186, 175 баллдан жогору алгандар тапшырыптыр)). Талонду кабыл алуунун аякташына 5-10 минута калганда, менин талонду салып ошол жерде «кароол» болуп турган. Эми беш минутада ким келет эле десе, 165 балл алган баласын эрчитип бир ата келген. Эгер алар да тарых бөлүмүнө салса, менде шанс калбай калат. Тарыхка тапшырсабы, -дегенбиз десе, «Сиздин баллыңыз биологияга жетет экен», — деп (бирок чындап эле анын кошумча биология предметинен алган баллы жогору болчу) аны биология бөлүмүнө жөнөтүп жиберген))). Ошентип акыркы беш мүнөт өтүп, мен эртеси күнү «Манаска» өткөм 🙃 «Манастын» жакшы жери, биринчи жылы тил үйрөнүүгө кеткен үчүн, кийинки жылы кайра экзаменге кирип, факультет алмаштырып алса болот. Мен да 2010-жылга чейин катуу даярданып, Манастын өзүнүн экзаменине кайра кирип, жакшы балл алгам. Натыйжада өзүм каалаган «Коомчулук менен байланыш жана реклама» бөлүмүнө окууга өткөм. Бир чети мектепти жаңы бүткөндө ар кайсы кесипти тандагың келип, баш айланып калат. Бул жагынан мага «Манас» жакшы көмөкчү болгон. Түркчө үйрөнүп жатканда факультет тандоого да кенен мүмкүнчүлүк болду. Бирок «Манаста» да эптеп бир факультетке илешип алсам, анан кийинки жыл алмаштырам дегендер көп. Акырында көпчүлүгү экзаменге жакшы даярданбай, өзүнө жакпаган кесипте окуп калгандар да бар. Эгер «Манас» университетине тапшырып, бирок факультет алмаштыруу ниетиңиз болсо, азыртан кийинки жылдын экзамени үчүн даярданыңыз! Эми ЖРТ менен окууга өтүүдө эмнелерди эске алыш керек: ⤵️⤵️⤵️
1. МАМЛЕКЕТТИК ЖОЖдордун МУГАЛИМДЕРИНИН кеңештерин УКПАНЫЗ! Себеби: ЖРТдан (негизги тесттен) 130-170 арасында балл алгандар 1-турда көпчүлүгү өтпөй калышат. 180ден өйдө балл алгандар баары эң престиждүү факультеттерге талонду салышат. Натыйжада алар алдыңкы орундарды ээлешет. Ушул жерде айылдан келген абитуриенттер ЖОЖдордун мугалимдеринин кылтагына илинет. «Сенин баллың аз, өтпөйсүң, андан көрө кел бул факультетке контрактка эле кир. Талонду таштасаң шапкасы жок эле өтөсүң», — деп универдин эшигинин алдынан эле айылдан келгендердин шагын сындырышат. Эң биринчи ката ушул жерден башталат, окуучу да паника, ата-энеси ого бетер окууга өтпөй калат эми деп ызы-чуу. Анан шаша калып, контракттык негизде окууга тапшырып салат. ЖОЖдор үчүн бюджетте окуйм дегендерден контракт төлөп окугандар «сүймөнчүктүү» болушат. Ошон үчүн айрым мугалимдер жанталашат.
2. ЭКИНЧИ ТУРДА ШАНСЫҢЫЗДЫ СЫНАП КӨРҮҢҮЗ. Эмне үчүн 2-тур? Себеби 180ден өйдө алган абитуриенттер бир тапшырганда 2 же 3 талонду 3 универге таштады. Жыйынтыгында үчөөсүнө тең өттү. Бирок ал бир эле универди тандай алат. Натыйжада калган 2 универдеги орундар бош калып, ал эки орун тең 2-турга кайра чыгарылат. Мына ушул жерден 150-170 балл алгандардын ШАНСЫ жогорулайт. Биринчи турдан өтпөй калса, ойлонбой эле экинчи турду күтсөңүз болот.
3. ҮЧҮНЧҮ ТУР менен да ОКУУГА БЮДЖЕТТИК негизде өтсөңүз болот. Себеби 2-турда бош калган орундар 3-турга чыгарылат. Бирок бул турда көбүнчө сиз каалаган эмес, сиздин баллыңыз туура келген факультет же бөлүмдөр калат. Ошентсе да окууну аябай каалап жатсаңыз, бюджеттик орундарга шансыңызды сынап көрө бериңиз. Ал эми контракттык негизде окууга 4-турдан кийин деле кеңири тапшыра бересиз. 5 талонуңуз тең иштетилген болсо, сертификаттын өйдөңкү бөлүгүн көрсөтүп деле ЖОЖго өтсө болот. Ал жагынан эч ойлонбош керек.
4. Талонду тапшырып жатканда тажрыйбасы бар адамдардан кеңеш сураңыз. Бюджеттик орундар айыл мектептери (сары сертификат), чакан шаарлардын мектептери (көк сертификат) жана Бишкек менен Оштун мектептери (розовый сертификат) болуп бөлүнөт. Ушул нерсени жакшы билгендерден тартынбай кеңеш сурай берсеңиз болот.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс