Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Досье / ИИМ: Москвада кыргыз-тажик жарандарынын урушуна бөгөт коюлду

ИИМ: Москвада кыргыз-тажик жарандарынын урушуна бөгөт коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Орусиянын полициясы менен чогуу чыгып түнү менен профилактикалык иштерди кылдык. Полиция мушташ болуп кетпесин деп кыргыздарды да, тажиктерди да милиция бөлүмдөрүнө алып барган. Негизи мушташ бешинчи күнү болгон. Бильярд ойногон жерде урушуп кетишкен экен. Азыр ишти полиция териштирип жатат”.

Жанбаевдын сөзүнө караганда, жума күнкү мушташта Кыргызстандын жараны бычак жеген, абалы жакшы.

Орус медиасы 11-июлда калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тарады. Андан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү тарап жатат. (BTo)

https://www.azattyk.org/a/31355736.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс