Суббота , 25-Сентябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Ички жана сырткы бизнесмендерди чоочутуп бүттүңөр эй!

Ички жана сырткы бизнесмендерди чоочутуп бүттүңөр эй!

 Канча ички, өзүбүздүн бизнечмендер текшерүүчү органдардын тойбогон алкымын “урдум” деп чет жакада жүрүшөт. Бир капталынан мамлекеттик текшерүүчү органдар, экинчи капталынан криминал улакка чөө баскандай эле тажатып бүтүштү.
Азыр ошол жергиликтүү бизнесмендер өз элине , өз жерине пайда алып келип турбайт беле! Убагында бакыйган өкмөт башчы болгон Өмүрбек Бабанов өзү баш болуп Кыргызстанга эмес Россиянын Пенза областына 350 миллион долларлык капиталы менен завод куруп элдин оозун Ошко каратпады белем. Жөн жерден дейсиңерби? Ал жарым саясатчы жарым бизнесмен анын заводун жергиликтүү атка минерлер Кыргызстанга курганда текшерүүчү органдар менен криминал аймап бүтөөүн билген да. Ошон үчүн бизнесин чет өлкөгө курган. Азыр деле Бабановго окшогон бизнесмендер айласы куруп, башка элдин, башка жердин пайдасына иштеп жүрүшпөйбү. Куугунтукка ким чыдайт эле? Чет элдик инвесторлор, бизнесмендер тууралуу башка кеп.
Азыр кайсы чет элдик инвестор келип Кыргызстанга ишин ача алат? Ачалбайт, коркот. Бир күнү милицмясы, спец.службасы же криминалы басып албасын деп. Себеби, азыр өлкөдөгү коомдук-саясий абалды адамдар интернет аркылуу 10 секунддун ичинде билип, талдап, анализ жүргүзүп алган мүмкүнчүлүк бар эмеспи.
Так что, айланып кана кетейиндер. Эгерде өлкөнүн келечегин ойлосоңор ушул бизнесмендердин ишине тоскоол болбой, тескерисинче колуна кол, бутуна бут болуп, жардам берсеңер кана эле…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс