Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Кыргызстан / К. Ашыралиев: кыскартууну тууганчылыкка эмес, комиссияга салалы

К. Ашыралиев: кыскартууну тууганчылыкка эмес, комиссияга салалы

иллюстрация

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Кыргыз президенти Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу органдарынын баарында 30 пайыз кыскартуу жөнүндө жарлыгын чыгарды. Белгилүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, Нарын облусунун мурунку губернатору Кемел Ашыралиев менен ушул жарлыктын маанисин жана кандай аткарылышы керектигин талкууладык.

Кемел Ашыралиев

Сүрөттүн булагы, Facebook

К. Ашыралиев: Биздин президентибиздин азыр ошондой кадамга барып атканын туура деп эсептесек болот. Биздин өлкө өтө кичинекей, компактный.  Санынан сапатына өтөйүн деген максат болсо керек. Бул жерде бардык министерстволорго, бардык бийлик бутагына айтылган экен. Анан бул жерде карап көрүш керек да. Менин оюм боюнча кээ бир министерстволорду кыскартуу маселесинде байкаш керек да. Мисалы, Ички иштер министрлигин көп кыскартканга болбойт.

Ар бир министерство аппараты канчалык көп болсо өзүн ошончолук комфорттуу сезишет. Президенттин жарлыгында жазылыптыр бүт эле 30% кыскартуу деп. Кээ бир министерстволорду 15-20% гана,  кээ бирлерин 30% ашык кыскартууга мүмкүн болушу керек. Биз кичинекей республикага болгондуктан көп тепкичтүү бийликтин кереги жок. Эң чоң кыскартуу — бул областтарды жоюп, райондорду бириктириш керек. Баткенди калтырыш керек. Нарынды ойлонуп көрүш керек, жойсо да, жойбосо да болот. Ошондо эң эле көп бюджеттик орундар бошойт. Эконом болот.

Би-Би-Си: Мисалы, Айыл чарба министрлигинин чоң аппараты бар. Совет маалында айыл чарбасы бардыгы мамлекеттин менчигинде турганда чоң министерствонун кереги бар эле. Азыркы учурда жердин баары жеке менчикте. Министерствонун иши жөн гана статистика жыйноо деп көпчүлүк сынга алып атышпайбы.

К. Ашыралиев: Эми мындай карасаң, биз айыл чарбасыз оокат кыла албайбыз. Продуктулар кымбаттап кетип атпайбы. Анан былтыр ковид убагында биз бир гана этти Өзбекстанга экспорттой алдык. Ошондуктан айыл чарба министрлигинин тартибин өзгөртүү керек. Айыл өкмөт деген эмне? Бул айыл чарбасы. Айыл өкмөтүн өзүн-өзү жергиликтүү башкаруу деп атабыз. Айыл өкмөттө 30% бийликтин функциясы бар. Муниципалдык эмес, мамлекеттик эмес болуп ортодо калып кетип атат да. Ошон үчүн айыл өкмөтү менен Айыл чарба министрлигинин ортосунда байланыш жасоо керек. Министерство айыл өкмөткө таасир көрсөтүш керек. Таасири жок болгондуктан айыл өкмөтү айыл чарбага көңүл бура албай жатат. Статист ар бир районго байланышат, анын чындыгын билген киши жок. Экөөнү байланыштырыш керек. Эгер андай болбосо Айыл чарба министрлигинин кереги жок.

Би-Би-Си: Анын үстүнө санарип технологиялар дүркүрөп өнүгүп жатат азыркы заманда мурдагыга караганда башкаруу жеңил жана ыкчам  болуп калбадыбы. Мурункудай Тогуз-Тородон  отчет алуу үчүн  ал жакка барууну, келүүнүн кажети жок. Азыр көз ачып жумганча керектүү маалыматтын баарын интернет болгон жерде электрондук канал менен алса болот. Мынчалык көп адамды кармоодон бөлөк, ошончолук көп жумушту аткара турган технологияларды ишке киргизүү керек да.

К. Ашыралиев:  Экөөбүздүн оюбуз окшош болуп чыгып атат да. Туура айтасың, азыр борбордо туруп алып ар биринин кыймылын көрүп атасың. Мисалы, бир курулушчунун дубалды кантип курганын  бери көрө алса болот. Ошондуктан бардык нерсени телефондон көрүп аткандан кийин ошончо толтура структуранын кереги жок. Бул кыскартуу туура эле болуп атат. Бирок мен айткандай туура кыскартуу керек.

Би-Би-Си: Кыскартуу процесси кандай жүрөт, бул дагы өзүнчө маселе болуп атат да. Мисалы, Акаевдин убагында ушундай жарлык менен жарыяланып, дүңгүрөтө айтылган, бирок жыйынтыгына карап келгенде, баягы 30% кыскартуу жок, азаймак түгүл кээ бир түзүмдөрдө көбөйүп кетчү эмес беле. Бул процесс канчалык ачык-айкын жүрөт? Канчалык элге далилдүү, көрсөтмөлүү түрдө болот? Бул жагы өтө маанилүү да.

К. Ашыралиев: Акаевдин  маалында деле көп убадалар бериле берчү. Калган президенттердин убагында да убадалар берилчү. Анан элде ушундай болуп калды да, убада берилет, бирок аткарылбайт деп.  Азыр президент жарлык чыгаргандан кийин аткарыш керек. Аткарылбай кала турган болсо, айтпаш керек. Ошондо эл ишенет. Биздин президент жарлыгын контролдойт, айтканын аткарат деп эл ишенет. Анан менин оюм боюнча дагы бир нерсе, ар бир министерство боюнча маалымат массалык маалымат каражаттарына чыгыш керек. Канча бөлүм бар эле, кайсылар бирикти деп отчет бериши керек.

Би-Би-Си:  Сиз азыр ошол кыскартуу процесси канчалык адилет жүрөт деген маселени козгоп атасыз да. Себеби дегенде, жогорку жакта таанышы же колдоочусу жокторду биринчи кезекте  кетирип коюшу да мүмкүн да. Кыскартуу адилет жүрүшү үчүн эмне кылуу керек?

К. Ашыралиев: Чыныгы кесипкөй адистер ордунда калышы керек. Анан кийин жөнү жок жүргөндөрдү биринчи кезекте кыскартуу керек. Бизде кадр кызматы деген бар да. Алар адистерди аттестациядан өткөрүп  калды да. Мурун эмне кызмат кылары белгисиз болчу. Менин оюмча, президент алдында атайын бейөкмөт уюмдардан, юристтерден, президент аппаратынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүшү керек. Тууганчылык болбош үчүн кыскартууну түзүлгөн комиссия гана жүргүзүшү керек. Ошондо калыстык болот деп мен ишенем.

Би-Би-Си:  Эми комиссия түзүү жөнүндө айтып атасыз. Бирок ар бир мамлекеттик органдын өзүндө байкоо кеңеши деген түзүмдөр бар. Ошолор кыскартуу мыйзамдуу жүрүп жатканына мониторинг жүргүзүп, көмөк кылса болот да.

 К. Ашыралиев: Аның туура. Мен ошол Отунбаева, Атамбаевдин тушунда эки министерствонун байкоо кеңешинин мүчөсү болчумун. Байкоо кеңешинин мүчөсү эч нерсе чечпейт экен. Алар айтып гана калат  экен. Ошол байкоо кеңешинин мүчөсүнүн сунушу менен бир да кызматкер жумуштан алынбаптыр. Байкоо кеңешине да тыкан тандоо болбоптур.  Байкоо кеңешинен тышкары мен айткандай комиссия түзүлүшү керек.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cx94j5xxg45o

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс