Суббота , 25-Сентябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / «Хизмет» («Кызмат») кандай уюм?

«Хизмет» («Кызмат») кандай уюм?

«Түрк лицейи» («Себат») дегенди баарыбыз билчү элек, бирок түрк лицейинин укуругу «Кызмат» дегендин колунда экендигин көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу биринчи угушум…
«Укканыңдан уга элегиң, көргөнүңдөн көрө элегиң көп» деген ушул окшойт.
(«Орхан Инанды эле Орхан Инанды» деп ооздорунан ак көбүгү чыгып, талма болгончо кыйкырып жаткандар бул жакка келгиле).
Достор!
«Кыргызстандагы болуп жаткан акыркы окуяга комментарий бербейсиңби, сен да түрк лицейди бүткөнсүң го?» — деген суроо келди.
Ооба, мен да түрк лицейин бүтүргөм. Ал жактагы эже-агайларыма, алган билимиме өмүр бою ыраазымын! Бирок, мен «Кызмат» жамаатынан эмесмин! Студенттик кезде классташтарым менен «Кызмат» жамаатына билбей эле кошулуп калып, 3-4 ай үйлөрүндө жашап калгам. Ал жакта чүмкөнүп кийинип, 5 маал намаз окуп, эрте менен кечинде Ф. Гүлендин, С. Нурсинин китептерин окуп, кечки 6дан кийин эч жакка чыгалбай, группалаштар менен болгон иш-чараларга кошулбай, жада калса бир тууган эжеми да укпай, только ошолордун сөзүн сүйлөп, ошолордун айтканынан чыкпай калгам. Анан ал жактын чоңу Дилара деген эже чакырып сен жигит менен сүйлөшөт экенсиң деп урушуп, үйлөрдөн кууп чыккан.😅😅😅
Мен, «Кызмат» жамаатынан эмесмин!
Мен, жөн эле, реалдуу жашоодо жашаган, эч кимге көз каранды болбой, эркин, өз алдынча тирилигин жасаган, өз ой-пикирин эч кимден чоочулабай айта алган, керек болсо күнөөкөр, катардагы жаранмын!

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс