Понедельник , 6-Декабрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Садыр Жапаровго импичмент жарыялоо көтөрүлүүдө

Садыр Жапаровго импичмент жарыялоо көтөрүлүүдө

«Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын окуясынан улам президент Садыр Жапаровго импичмент жарыяланышы керектиги соцтармактарда көтөрүлүүдө. Анын биринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жарыялады.

«Садыр Жапаровго импичмент. Ал 2012-жылы Кыргыз жарандыгын алган Орхан Инандыны чет мамлекеттин бийлигине өткөрүп берип, Баш мыйзамдын 51-беренесин (ред. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт) бузду. Бул жагдай Конституциянын 73-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайыкСадыр Жапаровду президенттик кызматтан четтетүү үчүн негиз болуп саналат», — деп жазган Замир Жоошев.

Ушул эле беренени жүйө кылуу менен башка интернет колдонуучулар жана юристтери да Садыр Жапаровду сынга алып жатышат.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс