Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Аналитика / Аркалык туугандарга кайрылуу

Аркалык туугандарга кайрылуу

Аркалык туугандар! айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей, айтпай коюшка да айланы кетирдиңер.
Биринчиден: эмне үчүн мынчалык денгээлде карьераны жакшы көрөсүңөр? Как будто, кызмат орундарында жашооңордун бир үзүмү байланып тургандай, эгер эле кызматка жетпей калсаңар, ошол зорго илинип турган жип үзүлүп түшкөндөй, ошону менен жашооңор токтоп кала тургандай кызмат орундарына тырмышып жатып каласыңар? Садыр Жапаров президент болгондон бери: «Садырды мен колдогом», «мен болбосом Садыр президент болбойт эле» деген сөздөрдү айтып, борбор шаардын көчөсүн бошотпой келдиңер. Уят, сыпаалык касиеттерди нары жакка жыйыштырып коюп, бириң: «шаардын мэри болот элем» дедиң. Экинчиң болсо: «Кокуй Мариповду эмне үчүн премьер коюп алдың, мени коюшуң керек эле» деп, алдыңарга Чым Коргондон качырып чыккан ажаан катындарды салып алып, Ала Тоо аянтынын чаңын көккө сапырдыңар.
Мейли: алар жаш, тарбия көрбөгөн циничный немелер экен, бүгүн кыйкырып, эртең токтоп калат десек, эми аксакал эле башы менен Каныбек Осмоналиев: «мен ошол кызматтан үмүт кылдым эле» деп, чалына таарынган токол аялдай нараазы болуп чыгыптыр. Чолпон Абыкеев менен Канбыек Осмоналиевдин айырмасын көрүп эле жүрбөйбузбу. Абыкеев аксакал Кыргызстандагы акыбалды түшүнгөн туура адам экен. Эмне үчүн аны колдоп кое албайбыз? Каныбек Осмоналиевдер союздун тарбиясын көргөн адамдар эмес беле?
Кызмат үчүн Садырды колдогондор! Эгер силер колдобой койсоңор деле Садыр Жапаров 80% добуш алмак. Колдгондордун бири Аспековбу же Сыймык Жапыкеевби? Эгер эле, шайлоого 100% эл катышса, анда Садыр Жапаров 90% добуш алмак. С
Мындай экенин арифметиканы окуган ар бир адам эсептеп чыгарып алат.
Баткенде согуш болуп жатса, аркалык экениңерди билдирип, үч күн бою ак үйдү аңдып жаттыңар, Садыр Жапаровду көттөрө чаап бийликти колго алабыз деп. Баткенге келген душман силерге жетпей калабы? Кыргызстандын бүтүндүгүн түштүк эли коргоп турат. Түштүктү алган душман, силердин аркалык экениңерди карап олтурабы? Ушул жөнүндө ойлойсуңарбы?
Эскертип коеюн: менин жазып жаткан сөздөрүм, тиешелүү адамдарга гана барып тиет. Бирок, баардык нерсенин чындыгы бар дегендей, бекерге иш кылбай калыпсыңар. Бирөөнү колдосоңор: же кызмат деп, же болбосо акча үчүн чыгат экенсиңер. Балдарыңардын келечегин да ойлогон күнүңөр барбы?
Мен эл бөлбөйм, бирок эл бөлүнүп калганын сезип, көрүп, билип турам.
Бир мисал келтире кетейин: мен ФПИнин студенти элем ал кездерде. Физика сабагынан Жуманазаров деген агай сабак берчү эле. Экзамен убагында билетке жакшы эле жооп берип жаткам. Агай менден: «кайерден болосуң» деп сурады. Ал мезгилде түштүктө бир эле область- ОШ областы бар болчу. Мен сыймыктанган тааризде «ОШтон болом» дедим.
Агай болсо: «сарттардан турбайсыңбы» деп очойтуп 3 коюп берди. «Эмне үчүн үч койдуңуз, менин зачеткамда үч деген баа жок» десем, «чык, чык» деп өкүм сүйлөп чыгарып жиберген. Ошентип, студенттик мезгилимдеги биринчи үчүмдү дал ошол Жуманазаров деген сука трайбалист эшектен алгам. Эгер ошол старый хрыч өлө элек болсо, ушул бүгүн далилдеп берем: анын айткан сөздөрүн, койгон проклятый үч дегн баасын.
Силердин бул адатыңар союздун мезгилинде эле бар эле. Дал ошол кесепетиңердин айынан Акаевди алып келип, азабын түндүк, түштүк простой адамдар тартып жатабыз. Үзүр, эгер ашыкча чапсам.
Борукулов Шамурза. 2021ж.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс