Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Баткен облусунун жетекчиси А. Алимбаев намыстуу жигит экен

Баткен облусунун жетекчиси А. Алимбаев намыстуу жигит экен

Алдын ала акыйкат айткандарды блокко тыккыч болгон хреновый эксперттерге айта турган сөз бар. Мен төмөндө жаза турган посто эч кандай эл аралык враждебный элементтер жок. Эгер эле мээңер ордунда болсо, окугандан кийин түшүнүп жетесиңер. Эки элдин ортосуна бирин-бирине кайрай турган эч кандай сөз жазбайм. Бирок, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тууралуу эч качан оюм жакшы болбойт, ага болгон тилегим жалаң жамандыктардан турарын да жашыра албайм. Ал үчүн эч ким мени айыптаганга, тем более блокко салганга акысы жок. Рахмонду бир эле мен эмес, намысы ордунда болгон ар бир кыргыз жек көрүшү турган кеп.
Менин айта турган сөзүм, Баткен областынын ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин Рахмон менен жолугушуудагы мактоого татырлык чыныгы жигиттик мүнөзү жөнүндө.
Менимче, кайсыл бир башка өлкөнүн өкүлдөрү менен учурашканда, колуңарды төшүңөргө кармап, каккан казыктай какайып тургула деген эреже жок болуш керек? Туура, өлкөбүзгө келген мейманга ызат-урмат жүзөсүнөн, элибиздин меймандостугун, маданиятын көрсөтүп колубузду төшүбүзгө койгондон эч нерсебиз кемип деле калбайт деңизчи. Бирок, бул сый-урматтын Рахмонго тиешеси жок экенин, 1941-жылдардагы немецтин солдатындай тизилип туруп алышып, Рахмондун аброюн көтөрүш сөзсүз милдет эмес экенин бир гана Абдикарим Алимбаев түшүндү. Намысы күчтүү, мактоого арзый турган чыныгы патриот жигит экен.
Башкалары аман эле болушсун, кечээ эле дал ушул Рахмондун кесепетинен адамдарыбыз бөөдө курман болгондорун тез эле унутуп салышкан бөжөңбайлар. Бир жолу таазим кылып Рахмондун алдына тоңкоюп жата калбагандарына да Кудайга шүгүр дедим, каңырыгым түтөгөндө. Турган турпаттарын көрсөң көңүл тое турган, тоону томкоруп, ойду омкоруп салгыдай эңгезердей кыргыздын жигиттери тизилип турушуп, колдорун көкүрөгүнө алышып, кимге сый көрсөтүп жатканын түшүнүшпөсө эмне демек элек?
Маскаропоз министрибиз Алымкадырдын Өзбекстандын бир министринин сунган колун суутуп алик албай койгонунан асман үзүлүп жерге түшүп кеткен жок го. Булар деле колдорун төшүнө албай туруп беришсе, Рахмон таарынып калат беле?
Уят. Союз бузулуп: завод-фабрикалар, мал чарбасы, айыл чарбасы талкаланганда, намысыбыз да кошо плинтуска түшүп кеткен окшойт. Өтө өкүнүчтүү. Мектеп окуучуларына мекенди сүйүү, туулган жердин баркын билүү сыяктуу мекенчилдикке тарбиялаган сабактар окулуш керек болуп калды. Антпесек дос-душмандын айырмасын билбеген манкурттарга айланып калыш биз кыргыздар үчүн эч кеп эмес ойшойт?
Борукулов Шамурза. 2021ж.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс