Вторник , 21-Сентябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Мамкызматкерлер кыскарат. Мамлекет кандай пайда табат?

Мамкызматкерлер кыскарат. Мамлекет кандай пайда табат?

Өкмөттүн структурасы өзгөрүп жаткандыктан эми аларда иштеген аппарат кызматкерлеринин саны да азаймай болду. Аныгында, мындай кадамга мурда эле барышыбыз керек эле. Бирок, биздеги айрым бир “акылмандык” сапаттарыбыз ашынып кеткендиктен аппарат кызматкерлерин ашыкча көбөйтүп жибергенбиз. Атургай ким бирөөнүн таяке-жээни, куда-сөөгү үчүн деле ар кандай “отделдер”, “управлениелер” ачыла берген. Алар бири-бирин коендой окшоштук менен кайталашканы менен маанилүү иш бүтүрбөстөн, казынаны келемишче гана кемирип келишкен. Аларга төлөнгөн айлык-маяна, эс алууга чыккандары, командировкалары, автоунааларына күйүүчү май, айтор баары мамказынага түшкөн түйшүк эле.

Айталы, Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин көбөйгөн.
Бирок, бул көбөйүүлөр өлкөнү өргө сүйрөбөстөн, тескерисинче өмгөктөтүп, бюджетти бүлүндүрүп гана келген.
Эми болсо Президенттин «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгына ылайык мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга чейин кыскарат.
Жөнөкөй эсепке сала турган болсок, эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт.
Айрымдар “Кыскартылган кызматкерлер кайда барат?”-деп чыгышаары турган иш. Ошол эле маалда эртеӊ менен жумушка келип, керелди күнү кечке кылаарга иши жогунан интернет чукуп, ютуб көрүп, ара-чолодо биринчи кабаттан үчүнчү кабатка үч кагазды көтөрүп алып ары-бери басып койгондон башка пайдасы жок, бирок, анысы үчүн мамказынадан кадыресе айлык, “отпускной”, “командировочный” кылып атып кыйла каражатты коротуучулар армиясы бизге керекпи? Мына ушул маанилүү. Бизге саны эмес, сапаты керек. Өлкөнү көтөрүү үчүн адегенде өлүмтүгүн арткан кайталанма системаларды түп тамырынан тазалоо керек! Албетте, кыскартуулар да ачык-айкын жана калыс жүргүзүлүшү да мезгил талабы.
Айтор, айтылып эле бирок ишке ашпай келе жаткан бул жаатта да муз ордунан жыла баштады өӊдөнөт.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс