Азамат Темиркулов, саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргыз саясат талдоочусу жана конфликтолог Азамат Темиркулов Кыргызстан жана Тажикстандын салкындай түшкөн мамилесин жандандырууга Орусия кыйыр арачылык кылып жатышы мүмкүн деген пикирин билдирди.

А. Темиркулов: Ушу тапта Тажикстан Борбор Азиянын, ошол эле убакта ЖККУнун өзүнчө бир форпосту болуп жатат. Талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү бир канча райондорду басып алды. Кундуз шаарына жакын жерде талип менен өкмөттүк күчтөрдүн салгылашуусу болуп жатат. Талиптер эки чек ара постун дагы көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматтар келип жатат. Эми ошол чек ара бекети аркылуу Ооганстан, Пакистан, Индия жана Ирандан  товар ташуунун баары токтоп калды.

Мындан улам Тажикстан оор экономикалык акыбалга кептелди. Себеби, түндүк жагынан Кыргызстан чек арасын жаап койду. Түштүк жагынан Афганистан менен чек арасы да жабылып калды. Эгер Тажикстанда экономикалык акыбал начарласа, анда өлкө ичинде кандайдыр бир күчтөр активдешип дестабилизация болуп кетиши мүмкүн. ЖККУ, өзгөчө Орусия Тажикстандагы тынчтыкка кызыкдар. Ошол үчүн Дмитрий Козак (Путиндин администрациясынын төрагасынын орун басары)  Кыргызстанга келип, Садыр Жапаровго “чек араны ач” деп айткан болушу мүмкүн.

Душанбе, "Алтын Сарай" 29-июнь

Сүрөттүн булагы, Official

Тажикстан Борбор Азияда Ооганстандан коркунуч жаралса, соккуну өзүнө биринчи алчу өлкө болуп турат. Ошон үчүн Тажикстанга Орусия, Казакстан, Өзбекстан жардам берип атышат. Тажикстанда стабилдүүлүк өкүм сүрүп,  Афганстанган келчү коркунучтарга тосмо болуп турушу  биз үчүн дагы жакшы.

Бирок ошол эле мезгилде бизде кырдаал өзгөчө. Себеби, Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда чыныгы оппозиция, жарандык коом бар. Тажик тарапта чечим кабыл өз коомчулугун ошого көндүргөнгө мүмкүнчүлүк бар болсо, Садыр Жапаров кабыл алчу маселелерди сөзсүз коом менен чечкенге туура келет жана ачыкка чыгарышы керек. Кыргызстанда ансыз болбойт. (EK)

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c41y0dxkl81o?at_custom4=62D3CFB2-D98A-11EB-9886-131F933C408C&at_custom3=BBC+News+Kyrgyz&at_custom1=%5Bpost+type%5D&at_custom2=facebook_page&at_campaign=64&at_medium=custom7&fbclid=IwAR0lAsT4MJwKG0nuQJN1Ci0BNB7X96QiRBrxBWGJqBYAeXkS4ajm3mJJYYU