Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / «ДАКАНСАлар» кимдер жана алар кандай болушат?

«ДАКАНСАлар» кимдер жана алар кандай болушат?

«ДАКАНСА»🇰🇬
Орустун До конца (аягына чейин) сөзүнүнөн келип чыкты.
Бул сөз 6-октябрдагы КР дагы бийлик алмашуу учурунда карапайым элдин негизги урааны болду.
Эл чынында куйту көпөстөрдөн абдан тажаган экен. Аларды до конца бийлик аренасынан кууп, эл арасынан өзүнө жакыныраак бирөөнү лидер көтөрүп алуу максаты эле. Эл аны жасады.
Элден сүрүлүп калган жана бийлигин жулдургандар калың элге өз ич күптүлөрүн түз айта албай, оболу эл көтөрүп кеткен Садыр Жапаров го эрегишкен душман болушту да калышты. Элди сабатсыздар ж.б эмне деген гана сөздөр менен шывашпады. Акыры Элдин ДАКАНСА сөзүн, элге ат кылып ыйгарышты. «ДАКАНСАЛАР»!!!. деп.
Жийиркенүү менен өздөрүн таза, өйдө кармоо менен текеберленишти. Элдин болгон күнөөсү аларга бийликти бербей койгону. Болгону! Садыр Жапаровдун күнөөсү, элди аянтка таштап салып өзүлөрү ар жерди басып алууга кеткен жана, Жаннат мейманканасында олтуруп алып, бийлик бөлүштүрүп олтурган шылуундарга басып барбай, эл менен туруп алганы болду. Болгону!
Дакансалар, Зомбилер, Сабатсыздар ж.б не деген гана айыптар айтылбады.
Биз буга капа деле эмеспиз. Тескээрисинче Кыргыз Мамлекетин дагы бир шумпай шылуундардын колунан, ондогон же дагы андан узак убакка созулчуу жаман акыбалдан сактап кала алдык. Булардын колунан Кыргыз деген Мамлекет тирүү чыга беле жокбу ал Кудайга гана маалым эле.
Көп нерсени айтат элем, бирок Мамлекеттик сыр деген жол бербейт да.
Эми акыйкаттык үчүн бир нерсени айтып кетейин, «ДАКАНСА» (Аягына чейин)✊, бул күрөштүн «Ураа» деген кубанычтуу уу-дуусуна бир кадам.
Күрөш Али алдыда.
Тарыхта Дакансалар көп мамлекеттерди түптөгөн, көп мамлекеттерди көз карандысыздыкка чыгарган. Дакансалар ушундай калк болот, алар шылуундук, шумпайлык дегенди такыр билишпейт. Алар өтө ала көөдөн, ак көңүл болушат. ДАКАНСА! Болду демеке ДАКАНСА барышат.
Дакансалар тарых жазышты.
Кыргыз Мамлекетинин эң ак жүрөк коргоочулары катары тарых өз баасын берет учуру келгенде буйруса.
Бирок ДАКАНСАлар жеткен жеңиштерге, дароо билимдүүлөр кол кабыш кылып кетпесе, анда ал жеңиш тез кулайт. Анткени Дакансалар только алдыга кеткендиктен, Стратегия, тактика дегенди көп колдонушпайт. Буларды кудум көчмөндөр деп койсок болот.
Демек билимдүүлөрдүн кол кабыш кылуусу абдан керек. Болбосо жеңиш көп узабай калат.
ДАКАНСАлар, Азыркы АКШны Англия кол алдынан бошотуп, эгемен өлкө кылышкан.
Көп өтпөй, Александр Гамильтон сыяктуу билимдүүлөр дароо кол кабыштыкка өтүп, улуу АКШ малекетин түптөй алышты.
Билимдүүлөрдүн кол кабышы абдан керек. Ынтымакта, бир куштун эки канатындай бир-бирин толуктап турганда гана алга жылуу, алга учуу жана улуу Мамлекетти түптөөгө болот.
ДАКАНСА!!!!!✊✊🇰🇬
автор:ЖУМАЛЫ КАЛДЫБАЙ УУЛУ
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс