Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Талибан деген эмне?

Талибан деген эмне?

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

О. Молдалиев: Талибандын көздөгөнү Кабулда кайрадан бийлиикти алуу

Сүрөттүн булагы, JAVED TANVEER

АКШ ушул жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан аскер күчтөрүн толук чыгарып кетүүгө камынууда. «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтү тил табыша алабы, коңшу Орто-Азия өлкөлөрүнө кол салышы мүмкүнбү деген суроолор кабыргасынан турат. Себеби аталган кыймыл Ооганстандын улам бир аймагына өз көзөмөлүн орнотууда. 

Би-Би-Си бул маселени коомдук ишмер, Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев менен талкуулады.

«Талибан кыймылы», «талибандар» деген түшүнүк кайдан чыккан?

О. Молдалиев: СССР Ооганстанга киргенде каза болгон моджахеддердин балдары медреселерде окушкан. Ошолор үчүн атайын медреселер уюшулган. Моджахеддер дегенди согушкерлер деп түшүнсөк болот. Талаба деген — студент, окуучу деген сөз. Өздөрүнүн атын айтып, анан талабалардын уюму деп, талибан ошондон улам уюм болуп калды.

Булар анан өзүнөн-өзү эле согушуп чыккан жок. Булардын уюштуруучулары бар. Ооганстанга коңшу кээ бир мамлекттердин айрым премьер-министрлерин «талибандын уюштуруучусу», «талибандын атасы, талибандын энеси» деп да атап жүрүштү.

О. Молдалиев: 2001-жылы сентябрда АКШда террордук чабул болгондо алар муну Бенладен жасады, аны бизге өткөрүп бергиле деп талап койду

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, О. Молдалиев: 2001-жылы сентябрда АКШда террордук чабул болгондо алар муну Усама бен Ладен жасады, аны бизге өткөрүп бергиле деп талап койду

Ооганстандан советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин 1989-жылдары ал жакта башаламандык башталып, жарандык согуштун оту тутанды. Бийлик талаштын айынан болду. Ошол учурдагы президент бир топко чейин күчүнүн жетишинче жакшы эле кармады. Ага мүмкүнчүлүк бербей СССР таштап койду. Анан СССР өзү алапайын таппай, урай турган болуп калды. Көпкө чейин өзү кармап турган президент Нажибулла жалгыз алы келбей бийликтен кетүүгө аргасыз болду. Ошол кезде жарандык согуш чыгып, башаламандык күчөп, абал аябай оор болду. Ошондо аренага талибан чыга келди. Көп себеби, ар кандай версиялары бар. Кээ бирлери талибан Кандагардан эле күтүүсүз чыга калды дейт. Жок, андай эмес. Булардын атайын уюштуруучулары бар. Башында булар Пакистанда кээ бир кишилердин жүгүн коштоп ишин баштаган. Алар акырындап Ооганстанда тартип орнотууга киришкен. Ошол кезде эл жарандык согуштан аябай тажап, тынчтыкты эңсеп турган. Талибандар болсо ээлеген аймактарындагы согушту токтотуп, каршылашкан тараптарды сүрүп чыгып, бийлигин орното берди. Ошондон улам эл ушулар келсин, тынч жашасак деп эңсеп калган. Ушундай жол менен алар аймагын кеңейтип олтуруп ээлеп калды. Ооганстанга барып изилдегендеги топтогон материалдарымдан бир мисал келтирейин. 1997-жылы Би-Би-Синин журналисти Пакистандын премьер-министри Беназир Бхуттодон «Талибандын артында сиздерди турат дейт» деп сураган. Анда ал бир эле Пакистан эмес, аларды даярдаганга бир топ араб өлкөлөрүнүн каражаты кеткен. Буга АКШ, Улуу Британия жардам берген деп жооп берген. Демек, талибандын аренага келип чыгышына жалгыз эле Пакистан эмес, башка күчтөр дагы кызыкдар болгон. Кайдан келип чыккан дегенде негизги версия ушундай.

Маектин толук версиясын угуңуз

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1

Видеонун түшүндүрмөсү, Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Би-Би-Си: Тамыры кайсы жылдарга барып такалат?

О. Молдалиев: 1989-жылдары пайда боло баштаган. Пакистандагы медреседе окуган студенттер, талабалар ошолордон башталды. 1991-жылдары булар саны жагынан да, сапат жагынан да көбөйүп, миңдеп саналып калды. Ошол кезде ооган коому оор кризисте тургандыктан булардын аренага чыгышын эли жакшы кабыл алган. Булар акырындап ушинтип жүрүп олтуруп, 1996-жылы Кабулда бийликти алды.

Би-Би-Си: Азыр булардын көздөгөнү эмне?

О. Молдалиев: Талибандын көздөгөнү Кабулда кайрадан бийликти алуу. 1996-жылы бийликке келип, алар биз Эмираттай кылабыз, Ислам мамлектин курабыз дегенде Сауд Аравия, Пакистан, Бириккен Араб Эмираты гана тааныды. Башка мамлекеттер тааныган жок. Себеби булардын светтик түзүлүшкө жакындыгы болгон жок. Диний негиздеги мамлекет болуп, аялдардын укугун чектеп, окуусуна тыюу салып, иштебегиле деп абдан радикалдуу кадамдар менен аракеттерин башташты. Ошондон улам тышкы мамлекеттер булардан абдан этияттап, тааныбай койду.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57591669?at_medium=custom7&at_custom3=BBC+News+Kyrgyz&at_custom2=facebook_page&at_custom4=49605746-D640-11EB-8716-BA9F96E8478F&at_custom1=%5Bpost+type%5D&at_campaign=64&fbclid=IwAR29XsgQ7vDeBI0LPqBHOtMcBFe-ii9VfK0BAELyeFhgr_s—_YlmjCSl14

Орозбек Молдалиев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс