• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

“ОЙРОНДОЛГОН» ТЫШКЫ САЯСАТ…

Автор:ruh_admin

Июн 21, 2021

Жапаров-Ташиев учурунда Кыргызстан тышкы саясатта бардык тараптан “окчундоо” абалында калды. Европа, АКШ ишенкиребейт. Кытай менен да мамиле ошондой. Россия оңдуу көңүл бурбай калды. Айрым кошуналар менен мамиле согуштук абалга жетсе, айрымдардын ишеними кетти…

ӨЗБЕКСТАН ИШЕНИМИ КЕТТИ…
Жапаров жана Ташиев Атамбаев жана Жээнбеков учурунда оңолуу жолуна түшкөн Өзбекстан менен мамилени андан ары алып кетүүгө белсеништи. Өзбек тарап аны жакшы кабыл алды.
Эки дос “баары биз айткандай, биз каалагандай, биз сиз менен келишкендей болот” деп өзбек президенти Шавкат Мирзиеевду 11-12- марттагы Ташкенге сапары учурунда абдан ишендиришти. Ошондуктан Мирзиеев “буга чейин эч ким мындай жоопкерчиликти алган эмес эле” деп аларды кубаттап, жетишилген келишимдерди үч айдын ичинде турмушка ашыра баштоо милдетин койду.
Жапаровдун мына ошол Ташкенге сапары учурунда 22 документке кол коюлган. Алардын арасында энергетика, чек ара, соода-экономика, темир жол, инвестиция ж.б. багыттарда кызматташуулар бар эле.
Арадан үч ай өттү. Кол коюлган келишимдер, айтылган убадалар боюнча бир кадам ташталганы же конкреттүү бир иш жасалганы байкалбайт. Тескерисинче, Жапаров жана Ташиевдин “омбу-домбу” жүрүштөрү, чек ара боюнча протоколдон баш тартышы Ташкендин көңүл калуусуна, эки тараптуу мамиленин солгундоосуна, ишенимдер кетишине алып келгени байкалат.
Ташкен сапарында эмнелер убадаланган эле?
-Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу макулдашылган. Ал эмес ГЭС үч жылдын ичинде курулуп бүтөрүн Жапаров ачык жарыялаган. Үч ай өттү. Бирок ГЭСтин курулушунан эч кандай кабар жок, сөз да жок.
-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тездетүү убадаланган. Эч кандай кыймыл байкалбайт.
-Кыргыз-өзбек инвест фонддун түзүү макулдашылган. Өзбекстан 50 млн. доллар бөлмөк болгон. Бирок бир кыймыл жок.
-Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери ай сайын сүйлөшүп, жетишилген келишимдерди турмушка ашырылып жатышын көзөмөлдөп, президенттерге маалымат берип туруш керек эле. Бир маалымат жок.
-Кыргыз-өзбек чек арасын тактоону үч айдын ичинде аяктоо макулдашылган. Кыргызстанда элдин каршылыгынан Ташиев кол коюлган протоколдон баш тартууга аргасыз болду.
Натыйжада протоколдор “же ары же бери болгону” белгисиз. Негизи мына ушу чек араны аныктоодо кыргыз тараптын чалагайым иши жалпы кыргыз-өзбек мамилесинин андан ары өнүгүшүнө, келишимдердин аткарылышына өзүнүн эң жаман таасирин тийгизди.
“Бир кумалак бир карын майды бузат” дегендей чек ара боюнча келишимге кыргыз тараптын ойлонуусуз жасаган “омбу-домбу” мамилеси жалпы кыргыз-өзбек кызматташуусуна терс таасирин тийгизди. Кыргыз тарапка ишенимди кетирди. Ойлонулбаган бул кадамдар Кыргызстанды келечекте көп пайдадан, ири долбоорлордон куржалак калтыра тургандай.
Өзбекстан Тажикстанга жүз буруп кетти. Жапаров тарабынан Бишкекке чакырылган Мирзиеев Душанбеге барды. Эмомали Рахмон абдан жагалданып, чоң салтанат менен тосуп алды. Мирзиеевдин Тажикстанга сапарында 30 ашуун келишимге кол коюлду. Өзбекстан Тажикстанда дээрлик 600 миллион долларга эки ГЭС курууга катышууну чечти. Инвест фонд түзөт. Өнөр жай, айыл чарба ж.б. тармактар боюнча кызматташат…
Казак президенти Токаев да Душанбеге барып келди.
ТАЖИКСТАН БАГЫТЫНДАГЫ КАТАСТРОФА
Эки достун Тажикстан багытында жүргүзгөн “саясаты” катастрофага алып келди. Үч күндүк кыргыз-тажик согушунда 36 жараныбыз мерт болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болду, он миңдегендер үйүнөн качууга аргасыз болду. Мамлекеттин аброюна абдан катуу сокку урулду.
Кыргыз-тажик мамилесинин курчуусуна “Ворухту курчап салабыз же аны алмаштырасыңар” деген ультимативдик мүнөздөгү, ички “коркок коррупционерлерге” жасалгандай көпкөлөң, дөөгүрсүгөн мамиле, ага улаалаш Баткенде аскердик машыгуу өткөрүү тажик тараптын ачуусуна келтирди, абдан козутту. Тажик тарап бул коркутууларга абдан олуттуу мамиле жасап, тийиштүү даярдыктарды катуу көрдү. Кыргыз тарап тескерисинче кылмыштуу жоопкерсиздик жасады. Жетиштүү даярдыктарды көргөн эмес. Лейлек тарап таптакыр ачык калган. Калк коргоосуз калтырылган. Мына ушундай чыңалган кырдаалда, согуш чыгар алдында УКМКа башчысы Европага кеткен…
Мургабды, Жерге-Талды алабыз дегендей күпүлдөгөн сөздөр да тажик тарапты ого бетер козутуп, Чоң-Алай багытында тажиктердин кыргыз чек арасына беш чакырымдай кирип келишине алып келди. Алар муну менен “Мургаб, Жерге-Тал эмес, азыркы чек араңарды коргоп алгылачы” дегендей ишаара берип, күч көрсөттү. Тополоңго түшүп, Чоң-Алайга эки тик учак менен учкан УКМК башчысы Чоң-Алайга жетпей бир тик учагынан ажырады. Ондогон жоокерлер жаракат алды…
“МАШИНКУ ПОДАЙТЕ”…
Стратегиялык өнөктөш Россия менен мамиле “машинку подайте” дегендей табышмактуу абалда калды. Жапаровдун орус президенти Владимир Путин менен эки жолку жолугушуусу эч кандай жыйынтык бербеди. Тескерисинче солгундоо жана көңүл коштук күч алганы байкалат. Маселен, Россия Евразия өнүктүрүү фондунан убадалаган 100 млн. доллар насыя жардамды тоңдурган абалда калтырды. Бишкек жылуулук борборуна газды Кыргызстан көтөрө ала тургандай баада берүү өтүнүчүн четке какты. Кыргызстан үчүн маанилүү болгон энергетикалык, темир жол долбоорлоруна Россиянын ныпым кызыгуусу көрүнбөйт.
ТҮРКИЯ АЛДЫНДА «ТАМТАҢДОО”…
Түркия менен мамиледе Анкарада түрк аскерлеринин алдында “тамтаңдагандай” кадамдар жасалды. Бирок, Түркиянын туруксуз, алысты көрө албаган адамдар менен олуттуу мамиле түзүп, орчундуу геосаясий кадамдарга барышы күмөндүү…
Тышкы саясаттагы бул көрүнүштөрдүн баары ички саясатта кандай алешемдиктер, баш-аламандыктар, “кимди ким көрдү, Быржыбай там басты” дегендей иштер болуп жатса, тышкы саясатта да ошондой абал экенин көрсөтөт…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс