• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Жаманды Кудай неге албайт…

Автор:ruh_admin

Июн 18, 2021
Ошентип, тажик тараптын агрессиясына каршы кыргызстандык юристтердин арызын Эл аралык жазык соту кабыл алды. Бирок тажиктер эмес, так биздин президенттин администрациясы ата мекендик юристтердин демилгесин сындап чыкты. «Бул иштер жалаң саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилиши керек, ошондой аракеттер болуп жатканда мындай демилгелер зыян келтирет» деп билдирүү таратты. Бул жүйөсү жок эле дегенде үч себептен улам суу кечпейт.
Биринчиден, ушуга чейин мактаган дипломатиясын көрдүк. Далдактап жатып аз жерден Кемпирабадды берип жибере жаздады. «Өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдөгү мындай кемчилик тажик тарап менен сүйлөшүүгө зыянын тийгизет, керексиз прецедент» түзөт деп айттык эле. Айтып оозду жыя электе ошондой болду.
Чындыгында Камчыбек Ташиевдин түздөн-түз карамагындагы чалгын органдары киши өңдүү иштесе тажик тараптын мындай кылыгына аз да болсо даярданып алганга мүмкүнчүлүк болмок. Жыйынтыгын көрдүк. Ондогон үй-бүлөлөр кан жутуп, тажик жарандары биздин айылдарда өз билгенин кылган бойдон жазаланбай ээн-эркин басып кетишти. Аларды ким жазага тартат? Кылмыштары үчүн каякта жооп беришет? Же тажик соттору чоң мөөнөттөргө кесет деп ишенесиңерби?
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик жарандарынын кылыгына каршы кылмыш ишин козгоду эле, анын баары ишке жарабай калабы? Так ушул учурда пайдасы тийе турган жерде эле го?
Экинчиден, тажиктер сыяктуу коңшуларга каршы жалаң дипломатиялык ыкмалар эч кандай натыйжа бербейт. Натыйжа бериши үчүн ал экономикалык блокада, чек арадагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды чек араны коргоого катыштыруу, ошого шарт түзүү сыяктуу реалдуу кадамдар менен коштолушу керек. Каршылаш тарап катылса катуу кагуу жей турганын так түшүнүшү керек. Антпесе Баткенден кийин Чоң-Алайга кирип келгендей ар кайсы жерден чагым уюштура берет. Колдо болгон аракеттердин баарын колдонуу зарыл. Ошондуктан армияга керек учурда атканга уруксат берип, керек учурда эл аралык сотторго кайрылуу сыяктуу ыкмаларды комплекстүү колдонуу максатка ылайык. Мисалы, үйүңө кошунаң кирип келип аялыңды зордуктап кирсе «мен сени сотко берем» деп арыз жазып сотко жөнөбөйсүң да, туурабы? Адегенде зордукчунун колу-бутун кайрып, башын унитазга тыгып отургузуп коюп, андан кийин арыз жаза берсең болот. Антпесең ага чейин болору болуп калат. Андан кийин арыз жазганың, кайрылганың бир тыйын. Кыргыз сотторунун чечимдерин эске алганда андан бетер…
Дал ушул жерден үчүнчү жана эң негизги себеби келип чыгат. Ошол дипломатиялык жана саясий негизде ийгиликке жетиш үчүн, колуңда көзүр болсун десең — АРЫЗ ДА ЖАЗЫШ КЕРЕК. Жазбай койсоң күнөөнү өз мойнуңа алган менен тете болот. Ошондуктан тажик тарапка чыгымды өндүрүү боюнча доомат коюудан баш тартуу да, Эл аралык жазык сотуна кайрылуудан баш тартуу да туура эмес. Башка, алда канча натыйжалуу ыкмалары бар болсо — анда ошол эле юристтерди эл алдында сындабай эле, акырын чакырып, «балдар, туура түшүнгүлө, башка жагынан уткан жатабыз» деп жүйөлөрүн келтирип түшүндүрсө болмок. Бул жерде мамлекет өз жарандарынын мекенчилдик позициясын колдомок тургай колго чаап, душманга басып бергендей болуп атат. «Мекенчил» деген саясий бренд менен келген күчтүн кылаары ушубу?
Ырас, өкмөттүн чек арадагы ыйгарым укуктуу адамдарга курал таратуу жөнүндө атайын мыйзам кабыл алганы туура. Кеч да болсо элдин талабы менен акыр аягында экономикалык блокада киргизгени да колдоого татыйт. Бирок тышкы душманга келгенде (ал эми биздин жерге курал менен бастырып кирген чет мамлекет — душман!) коомчулуктун бардык катмарлары, айрыкча билимдүү жаштар менен биздин сөзүбүз бир чыгышы керек эле. Батышчылы болобу, орусчулу болобу, кимисинин болбосун дараметине жараша мүмкүнчүлүгүн иштин кызыкчылыгына пайдаланыш керек. Башка позициясын колдобой эле кой, бирок Кыргызстандын пайдасына иштей турган жактарын пайдалан. Биз кыргыздар бири-бирибиз менен мамилебиз ар кандай болушу мүмкүн, бирок аны өз ич ара чечишип алабыз. Андыктан биздин юристтер Тажикстанды Эл аралык сотко берген аракеттерин уланта берүүгө тийиш. Процедуранын өзү көпкө созулат жана анын жыйынтыгында биздин пайдабызга чечим чыккан күндө да аны Тажикстан аткарары күмөн. Анткени эл аралык санкциялар жоготчу бир нерсеси бар өлкөлөргө гана таасир этет («Рамзан Кадыровду АКШга киргизбей коебуз» деп коркуткан күлкүлүү чечимдер буга жакшы мисал). Бирок анын башка жагы маанилүү — эл аралык деңгээлде тажик тарап агрессор катары таанылууга тийиш. Бул ошол эле башка тараптар менен сүйлөшүүдө биздин дипломаттардын колунда көзүр болуп бере турган жагдайга айланат. Чыгымды төлөгөнүнөн да ушундай саясий жагы маанилүү.
Биздин бийлик Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле
көп учурда дипломатия деген сөздүн өзүн туура эмес түшүнүп келатат. Дипломатия — жөн эле эптеп тынчтыкка чакырган сүйлөшүү эмес. Эптеп эле зомбулукту токтотуу башкы максат болбошу керек. Дипломатия — биринчи иретте өз өлкөндүн кызыкчылыгын коргош үчүн сүйлөшүү. Дипломатия — колуңда турган БАШКА КАРАЖАТТАРДЫН БААРЫН эсепке алгыдай кылып сүйлөшүү. Дипломатия — каршылаш тараптын бардык айла-амалдарын, ыплас ыкмаларын беш колдой билип туруп сүйлөшүү. Дипломатия — колдо болгон бардык каражаттардын эл аралык деңгээлдеги ырааттуу жыйындысы. Жана акыр аягы дипломатия — каршылаш тарап менен алака түзүүнүн көптөгөн ыкмаларынын бири гана. Сүйлөшүүлөр башка ыкмаларды, башка ыкмалар сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарбай, бири-бирине жолтоо болбой, бири-бири менен шайкеш жүрүүгө тийиш.
Бирок ал үчүн бийликтин өзү эли менен бирдей позицияда болушу керек.
Борбор Азия — Европа эмес. Каалайбызбы, каалабайбызбы, шарт, жагдай, менталитет, улуттук кызыкчылыктар таптакыр башка. Дал ушундан улам «чек ара жок эле болгону жакшы», «санкция киргизсек эле тажиктер чөгөлөп келет» деген ойлор — бери дегенде баеолук, нары барганда эси жоктук. «Аскер күчүн эч качан колдонууга болбойт», «алар атса да биз атпашыбыз керек» деген позиция да кыргыз тараптын кызыкчылыгына зыян. Бул мисалы күрөшүп жатканда бутуң колуңа, колуң бутуңа жолтоо болгонго барабар. «Алардан бийик болушубуз керек» деп чычайып турганыңды корооңо кирген ууру же каракчы түшүнбөйт. Катыгын да бериш керек, арыз да жазыш керек.
Чыныгы, реалдуу саясат деп ошону айтат.
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс