Среда , 28-Июль 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Тайырбек Сарпашев «Кумтөргө» ортомчу болуп, 13 млн. доллар алган

Тайырбек Сарпашев «Кумтөргө» ортомчу болуп, 13 млн. доллар алган

Токтогулдун кулуну болгон Тайырбек Сарпашев 2012-жылы Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьерлик кызматта туруп, КР Жогорку кеңеши менен «Кумтөр» ишканасынын ортосуна ортомчулук кылып 13 млн.доллар акча каражатын алган экен.

Тагыраагы, Жогорку Кеңеште алтын кени боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү каралып жатканда, бардык депутаттар «Кумтөргө» каршы чыгышкан. Ошондо Тайырбек мырза депутаттарга акча тараткан экен. Натыйжада, алкымы бузук депутаттар анын акчасына сатылышып, комиссиянын бүтүмүнө каршы добуш беришип, «Кумтөр» ишканасынын ошол кездеги жетекчилиги болгон канадалыктарды колдоп беришкен.
Тайырбек Сарпашевдин мындай кызматы үчүн канадалык мырзалар анын «Градиент» фирмасын Күйүүчү-майлоочу май ташыган подрядчы фирма катары катташып, анын бул фирмасы алтын кенине май ташып иштеп баштаган. Жаңылбасак, анын бул фирмасы азыркы күнү дагы алтын кенине май ташып турат.
Мына ушундай нерселерден кийин Тайырбек Сарпашевдин алтын кени тууралуу эмнеге унчукпай кымыйып отурганын түшүнүүгө болот. Көрсө, ошол кездеги кызматы билинбесе экен деп отурган экен да. Эгерде ошол кездеги андан акча алган ошол кездеги депутаттардын беттери болсо, бир-экөө айтып чыгар. Кудай алдында деле жооп бере турган күн келет эмеспи.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс