• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

МАРИПОВ ЭМЕС, ЖАПАРОВ ЖООПТУУ

Автор:ruh_admin

Июн 18, 2021

Өкмөт ишине кийлигишүү укугунан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаттары дале болбой эле министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго “сайылып” жатышат. Алар “сугат суу жетишпейт”, “кымбатчылык” деген айыптар менен Улукбек Мариповго чабуул жасап, ага ишеним көрсөтпөйбүз деп опурулушууда. Парламенттин бул аракетин айласыздык жана сабатсыздык деп айтуудан башка арга жок.

Биринчиден, жаңы конституцияга ылайык аткаруу бийлигинин башында президент турат. Ошондуктан экономика, баа, айыл чарба ж.б. аткаруу бийлиги жооптуу болгон бардык тармактарда түзүлгөн кырдаалга президент жооп берет. Кырдаалды жөнгөрө турган кадрдык маселелерди да президент чечет. Ошондуктан президентке сөз айтуудан корккон депутаттар Улукбек Мариповго асылып жатышат. “Эр жүрөк” болушса кемчиликтерди түздөн-түз аткаруу бийлигинин башчысы-президентке айтыш керек. Президент жооптуу баарына.
Экинчиден, Жапаровдун конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеними көрсөтпөө укугунан ажыратылган. Башкача айтканда “бычылган”. Жогорку Кеңеш кабинет министрлер төрагасын жана орун басарларын дайындоодо президентке макулдук гана бере алат. Бүттү. Өкмөткө байланыштуу калган бардык маселелерди президент чечет.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин Улукбек Марипов баштаган өкмөткө юридикалык эле эмес, моралдык да жоопкерчилиги жок. Анткени С. Жапаров Марипов башында турган министрлер кабинетин парламенттин бир ооз макулдугусуз эле дайындап салган…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс