• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

«Исламдагы алтын доор» аталышындагы эл аралык конференция болду

Автор:ruh_admin

Июн 17, 2021
 16-июнда Бишкекте, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети Иран Ислам Республикасынын элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүк менен биргеликте «Исламдагы алтын доор» аттуу эл аралык онлайн конференция өткөрдү.

Анын алкагында Чыгыш окумуштуулары Ислам цивилизациясынын жетишкендиктерин талкуулашты. Бул тууралуу, «Eurasia Today» МАнин кабарчысы маалымдайт.

Конференцияга Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т. Абдрахманов, Аль-Мустафа эл аралык университетинин ректору Али Аббаси, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Парвиз Гасеми, ирандык жана кыргызстандык белгилүү окумуштуулар катышып, докладдарын окушту.

Аль-Мустафа эл аралык университетинин ректору Али Аббаси өз сөзүндө: “Тарых жана өткөнгө көз чаптыруу биздин келечегибизди түзө аларын” баса белгилөө менен докладын окуду:

“Уилл Дюранттын «Цивилизация тарыхы» китебине ылайык, мусулмандар беш кылымдан бери дүйнө аренасында күч, коомдук тартип, күч масштабы, аймактык жана таасир чөйрөсү, жүрүм-турум, жашоо деңгээли жана жыргалчылыгы, маданий жана диний толеранттуулук, башка элдер менен бирге жашоо, адабият, илим, өнөр жай, медицина жана философия тармагында лидер болушту.

Пайгамбарыбыздын хадистери дагы  билимге жана илимге үндөйт: “Илим издөө ар бир мусулмандын жана мусулман аялынын милдети”. “Ислам дүйнөсү беш кылым бою илимдин, билимдин жана цивилизациянын борбору болуп келди. Илимий трактаттардын көптөгөн котормолору болду, Акылмандык Үйү негизделип, анда ислам дүйнөсү менен мурунку цивилизациялардын ортосунда кеңири маданий өз ара байланыш түзүлдү. Мусулмандар математика, физика, химия, фармацевтика, медицина, астрономия, өнөр жай, география, проза, поэзия, искусство жана философия жаатында чоң ийгиликтерге жетишти. Миңдеген китеп дүкөндөрү ачылды.

Негизги суроо — эмне үчүн бул цивилизация алсырап кетти? Мусулмандар жана Ислам дүйнөсү дагы бир жолу адеп-ахлактык жана руханий цивилизацияны тартуулай алабы? Бул суроолордун жообу бир нече компоненттерди камтыйт. Кеңири аймак, ири жана таланттуу калк, эмгек маданияты жана билимге умтулуу жана акыркысы социалдык системанын ылайыктуу модели. Булардын баары мусулмандарда жана исламдык ой жүгүртүүлөрдө бар жана аны ишке ашырса болот.

Адамзаттын жаңы тажрыйбасын колдонуп, жаңы цивилизацияны жаратуу мүмкүн. Бул үчүн Ислам үммөтүнүн тилектештиги талап кылынат. Бай мурасты жана жаңы тажрыйбаны колдонуп, адамзатка жана адилеттүүлүккө кызмат кыла турган жаңы Ислам цивилизациясын түзсө болот”, — деди Аль-Мустафа эл аралк университетинин ректору.

Иран Ислам Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, сөзүн «Мурунку СССР кулап, Кансыз согуш аяктагандан кийин жана биполярдык тутум кулагандан кийин, эл аралык мамилелерде жаңы шарттар өкүм сүрдү жана  күчтүү, таасирдүү оюнчулар өз кызыкчылыктарына ылайык жаңы тутумду иштеп чыгууга жана курууга аракет кылышты жана улантышууда”, — деп башатады.
“Биполярдык тутумдун бүтүшү менен бир эле мезгилде эл аралык аренага жаңы элемент чыкты, ал исламдык ой жүгүртүү болду. Акыркы кырк жыл ичинде Ислам ой жүгүртүүсү либерализм жана социализм сыяктуу идеологиялар менен бирге, адамзат коомунун бакубатчылыгына жана куткарылышына алып келиши мүмкүн болгон дагы бир маанилүү компонент катары ар кайсы өлкөлөрдүн элиталарынын, ойчулдарынын жана элдеринин көңүл чордонунда калды.

Ислам душмандары мусулмандарга жана диний көз-караштарга каршы көптөгөн чабуулдарды уюштурушту. Алар ар кандай жолдор менен дүйнөгө мусулмандардын жана диндин жолдоочуларынын бурмаланган образын сунуштоого, исламофобияны стимулдаштырууга аракет кылып келишет. Бирок, Исламдын чыныгы баалуулуктарына каршы терс пропаганда иши дин душмандары тарабынан дагы, жоопкерчиликсиз жана каардуу мусулмандар тарабынан дагы жүргүзүлүүдө. Алар өздөрүн Исламдын чыныгы жолдоочулары катары көрсөтүшүүдө, бирок ошол эле учурда зордук-зомбулук жана терроризм куралдарын колдонушууда.

Мусулман жамааттарынын лидерлеринин алдында бул үгүт иштерине каршы туруу милдети турат. Муну менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу — Ислам идеялары боюнча өз ара аракеттенүүнү, макулдашууну жогорулатуу жана мусулман жамааттарынын жаш муундарына Ислам жөнүндө туура маалыматтарды алууларына багыт берүү. Бул терс пропагандага каршы туруунун мыкты, жеңил жолу”, — деп Саид Харрази сөзүн аяктады.

Онлайн конференцияда Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Парвиз Гасеми өлкөсүнүн Ислам цивилизациясындагы өзгөчө ордун баса белгилеп, Ислам цивилизациясынын башталышына токтолуп өттү:

“Эгерде биз Ислам цивилизациясынын баштапкы чекитин аныктай турган болсок, анда Ислам пайгамбарынын доорун анын башталышы деп атасак болот. Чындыгында, биз бул мезгилди Ислам тарыхындагы интеллектуалдык процесстин башталышы катары карашыбыз керек. Пайгамбар сабаттуулуктун, илимдин, билимдин бешиги болбогон коомдо пайда болгон. Ал коомдун бардык иши соода, согуш жана ага байланыштуу маселелерге байланыштуу болгон. Бирок, бир аз убакыттан кийин Ислам коомунда билим, сабаттуулук жана айрыкча интеллектуалдык процесстер өнүгө баштады.

Ислам илимдерин үйрөнүү, жаратылышты изилдөө темасы «Таза Имамдардын» учурунда көтөрүлгөн. Ошол эле мезгилде Ислам цивилизациясында жаңы илимдер пайда болуп, алар боюнча китеп жазыла баштаган. Мусулмандар бара-бара ошол доордун дүйнөсү менен байланышта боло башташкан. Ошол эле учурда, грек трактаттары Ислам коомунда Харун ар-Рашид доорунан бери которулуп келе жатат. Ислам коомчулугунда бул темалар менен биринчилерден болуп Перс ойчулдары — ал-Фараби, аль-Бируни, Ибн Сина алектенишкен. Ошентип, ушул өз ара мамилелердин натыйжасында Ислам цивилизациясы акырындап бышып жетилди.

Иран жана Иран ойчулдары ислам цивилизациясынын «алтын кылымынын» башаты болгон жана бул тарыхый чындык. Ислам дүйнөсүндө Иранда пайда болгон ар кандай интеллектуалдык агымдар болгон же алардын негиздөөчүлөрү перстер жана шиит ойчулдары болушкан. Мисалы, доктор, математик, жазуучу жана кайталангыс илимпоз Жуздани, илимпоз — энциклопедист Фахр аль-Разини айта кетсек болот. Бул адамдардын баардыгы Персияда олуттуу интеллектуалдык тенденцияны түзүшкөн.

Бүгүнкү күндө Ислам коомундагы илим жаатындагы абал Ислам белгилеген деңгээлде эмес. II — VI — кылымдарда Ислам дининин келиши жана ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулушу менен Ислам дүйнөсү цивилизациянын өсүшү жагынан олуттуу ийгиликтерге жетише алды.
Ал эми “Эмне болду жана Ислам цивилизациясынын төмөндөшүнө эмне себеп болду? – бул эксперттер тарабынан талкуулана турган жана талкууланышы керек болгон негизги маселе, — деп кошумчалады ал.

Мугалимдер, кыргыз жана ирандык окумуштуулар, теологдор өз докладдарында, ошондой эле Кыргызстандын жана Ирандын эксперттери Ислам цивилизациясынын заманбап илимдин, маданияттын жана билимдин калыптанышындагы зор маанисин баса белгилеп өтүштү.

Даярдаган: Евгений Коротовских,

Орусчадан кыргызчага которгон Альбина Доктурбек кызы.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс